Сириянын президенти Башар Асад 20 жылдан бери биринчи жолу Кытайга барды

Сириянын президенти Башар Асад 21-сентябрда акыркы 20 жылдан бери алгачкы сапары менен Кытайдын Ханчжоу шаарына барды. Аны жубайы Асма Асад коштоп келди.

Буга чейин Кытайдын борбордук телеканалы Сириянын президенти Ханчжоудагы 19-Азия оюндарынын ачылыш аземине катыша турганын билдирген.

Кытай Сирия кризиси башталган 2011-жылдан бери Асад барган алтынчы өлкө болду. Ал буга чейин Россия, Иран, БАЭ, Оман жана Сауд Аравияга сапары менен барган.

Сириянын делегациясынын курамында Тышкы иштер министри Фейсал Микдад, экономика жана тышкы соода министри Мухаммад Самир Аль-Халиль, президенттин иштери боюнча министри  Мансур Аззам жана президенттин кеңешчиси Бусейн Шаабан бар.

Сириянын президентинин Кытайга биринчи сапары 2004-жылы болгон, бирок эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер 1956-жылы эле түзүлгөн. Анда Башар Асад Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушкан. Бирок андан бери дүйнөдө да, Жакынкы Чыгышта да – биринчи кезекте Сириянын өзүндө да көп нерсе өзгөрдү.

Стратегиялык өнөктөштүк

Си Цзиньпин Сириянын президенти менен сүйлөшүүлөр башталар алдында Пекин Дамаск менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

«Туруксуздукка жана белгисиздикке толгон эл аралык кырдаалда Кытай Сирия менен кызматташууну улантууга, бири-бирине бекем колдоо көрсөтүүгө, достук кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эл аралык адилеттүүлүктү биргелешип коргоого даяр», — деген кытайлык лидер.

Си Цзиньпин ошондой эле Сирия араб өлкөлөрүнүн ичинен Кытай менен дипломатиялык алака түзгөн  биринчи мамлекет, ошондой эле БУУда Кытайдын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтирүүгө добуш берген мамлекеттердин бири болгонун белгилеген.

Бүгүн, Башар Асад менен Си Цзиньпин Ханчжоу шаарында жолугушту.

Анын жүрүшүндө Си Цзиньпин Кытай Сирияны чет элдик кийлигишүүгө каршы турууда жана көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо колдойт деп билдиргенин, Кытайдын борбордук телеканалы келтирди.

«Кытай Сирияны чет элдик кийлигишүүгө, бир тараптуу коркутууларга каршы турууда жана улуттук көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо колдойт», — деген Си Цзиньпин.

Ал ошондой эле Кытай Сириянын терроризмге каршы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөдө колдоорун баса белгилеген.

Кытай менен Сирия стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүшкөнүн Синьхуа агенттиги эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусуун жыйынтыгы боюнча билдирди.

«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын сириялык кесиптеши Башар Асад жума күнү биргелешип Кытай-Сирия стратегиялык өнөктөштүгүн түзүшкөнүн жарыялашты», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Сириянын мамлекеттик телеканалы маалымдагандай, Башар Асад Си Цзиньпин менен жолугушууда Кытайдын Сирияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Дамаск Пекин эл аралык аренада конструктивдүү роль ойнойт деп күтө турганын айткан.

«Жеке Сизге жана Кытай өкмөтүнө сирия элине кыйынчылыкта колдоо көрсөтүү үчүн жасаган бардык аракеттериңиз үчүн ыраазычылык билдирем», — деген Асад.

Мындан тышкары Асад Си Цзиньпин менен жолугушуусу Сирия менен Кытайдын ортосунда түрдүү тармактарда узак мөөнөттүү жана кеңири стратегиялык кызматташтыкты түзөөрүнө ишеним билдирген.

Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында Кытай менен Сирия стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотууну жарыялаганын «Синьхуа» агенттиги маалымдады.

«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын сириялык кесиптеши Башар Асад жума күнү кытай-сириялык стратегиялык өнөктөштүк түзүлөрүн биргелешип жарыялашты», — деп билдирди РИА Новости агенттикке шилтеме берип.

Комментарий жиберүү