Зеленский Европа өлкөлөрүнө эмне максатта барды?

 Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн дем алыш күндөрүн Европанын бир катар өлкөлөрүнө барып келди. 13-май, ишемби күнү ал Римде Рим папасы Франциск, Италиянын премьер-министри Жорж Мелони жана өлкө президенти Сержо Маттарелла менен жолугушту.

Жекшемби күнү, 14-майда Зеленский Германиянын канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүү үчүн алгач Берлинге, андан соң Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүү үчүн Парижге барды. Украинанын президенти өзүнүн турнесин Улуу Британияда жыйынтыктады.

Зеленскийдин дем алыш күндөрдөгү сапарына европалык маалымат каражаттары баары эле кубанган жок. Көбү Украинанын кошумча курал-жарак жеткирүү боюнча чексиз өтүнүчтөрүнөн чарчаганын жана контрчабуулдун кечигип жатканына иренжип жатышканын жазышты.

Россиялык саясат таануучу Кира Сазонова Владимир Зеленский Европага болгон сапарында бир нече максатты көздөп барганын жана ал максаттарынын кайсынысы Киев үчүн негизги экенин Sputnik радиосуна өз пикирин билдирди.

Саясат таануучунун айтымында, Зеленскийдин Европага сапарынын негизги милдети 11-12-июлда Вильнюста өтө турган НАТОнун саммитине даярдык көрүү.

“Зеленскийдин Европага сапарына келсек,… ал чече турган бир нече милдеттердин тобу бар, бирок алардын баары кандай болсо да НАТОнун июль айындагы саммитине байланыштуу. Эгер Украинанын бардык идеологдоруна кулак салсак, анда алар үчүн азыр негизги тема Украина НАТОго кабыл алынабы же дагы күтө турушабы. Мунун баары жеке макулдашуулардын деңгээлинде чечилет. 2010-жылдардын ортосунда Франция менен Германия Украинанын НАТОго мүчөлүгүн жайлаткан өлкөлөр болгон, ошондуктан бул жерде бир гана формат – баары менен жеке жолугуп, сүйлөшүү… Июль айына чейин, саммит өткөнгө чейин, европалык лидерлерге дагы бир нече мамилелерди көрөбүз”, – деп болжолдойт Сазонова.

Ал Зеленскийдин Европага сапарынын дагы бир милдеттери – мүмкүн болушунча көбүрөөк акча жана курал алуу ошондой эле европалык коомчулуктун көңүлүн украин темасына дагы бир жолу буруу болуп саналарын кошумчалады.

Саясат таануучу Александр Асафов Украин президентинин бул сапары максаттары жагынан каралышы керектигин “Абзац” сайтына билдирди. Анын айтымында, Зеленскийдин бир несе максаты болгон:

“Биринчи максат Кытайдын өкүлү Ли Хуэйдин Киевге жана бир катар Европа өлкөлөрүнө боло турган сапарына байланыштуу. Зеленский бардык өлкөлөр Американын позициясын карманышабы жана  Вашингтон үчүн пайдалуу болгон сценарийди, башкача айтканда, кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну колдошобу ырасташы керек болгон.

Экинчи максат – апрель айынын орто ченинде башталышы керек болгон, бирок али баштала элек контрчабуулдардан алаксытуу.

“Зеленскийди бардык маанилүү жерлерге алып барышты, ал сыйлыктарды алды, журналисттердин алдында сүйлөдү. Жалпысынан алар фронтто болуп жаткан окуялардан коомчулукту ийгиликтүү алагды кылышты. Зеленский бардыгын контрчабуул болоруна дагы бир жолу ишендирип, баары жайында экенин айтты.

Үчүнчү максат, албетте, мүмкүн болушунча көбүрөөк кошумча жардам алуу. Натыйжада Франция, Германия, Улуу Британия көбүрөөк курал-жарак берүүгө милдеттеништи.

Комментарий жиберүү