Россия менен Иран Батыштын кийлигишүүсүнө каршы күрөшүүдө тажрыйба алмашат

Россиянын башкы прокурору Игорь Краснов Ирандын Жогорку сотунун төрагасы Сейед Ахмад Мортазави Могаддамды Батыштын эки өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы аракеттенүү боюнча тажрыйба алмашууга чакырды, деп билдирди РФ Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы.

Жолугушуу кечээ, 16-майда Москвада болгон. Краснов Ирандын Жогорку сотунун башчысын тажрыйба алмашууга, анын ичинде Россия менен Иран үчүн окшош мүнөзгө ээ, бир эле адамдар тарабынан максаттуу жаратылган көйгөйлөдү жоюу маселелери боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.

“Ушуга байланыштуу Россияда батыш структураларынын биздин ички иштерибизге кийлигишүү, экономикалык абалды, коомдук тынчтыкты туруксуздаштыруу аракеттерине каршы туруу үчүн натыйжалуу мыйзамдар жана укук колдонуу практикасы түзүлгөн”, -деген Краснов.

Россиянын Башкы прокурорунун айтымында, 2022-жылы прокурорлордун дооматтары боюнча соттор 23 чет элдик жана эл аралык бейөкмөт уюмдарды жагымсыз деп таап, дагы 17 уюмдун ишмердүүлүгүнө толук тыюу салынган. Мыйзамсыз мазмундагы басылмаларды камтыган 180 миңден ашык интернет баракчалары бөгөттөлгөн.

“Албетте, эки тарапты тең кызыктырган башка багыттар ​​да бар”, – деп белгилеген Краснов.Бул Красновдун Ирандын жогорку сот бийлигинин башчысы менен акыркы алты айдагы экинчи жолугушуусу. Ага чейин алар декабрда Тегеранда жолугушкан.

Эске салсак, 2022-жылдын декабрь айында Россиянын Башкы прокуратурасы Ирандын Башкы прокурору жана Башкы инспекция уюмунун жетекчиси менен өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүү, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тажрыйба алмашуу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча бир катар документтерге кол койгон.

Комментарий жиберүү