«Түндүк-Түштүк»: Россия менен Иран Решт-Астара темир жолунун курулушу боюнча келишимге колкойду

 Россиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси видеобайланыш аркылуу «Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорт коридорунун акыркы бөлүгү болгон Решт – Астара темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюу аземине катышышты.

Решт-Астара темир жолунун курулушу боюнча келишимге Россия тараптан Транспорт министри Виталий Савельев жана Иран тараптан Жол жана шаар куруу министри Мехрдад Базрпаш кол коюшту.

“Түндүк-Түштүк” – эл аралык транспорт коридору – бул Санкт-Петербургдан Индиянын Мумбай портуна чейин узундугу 7,2 миң чакырымды түзгөн мультимодалдык маршрут.

Коридор Суэц каналы аркылуу Европаны, Перс булуңунун өлкөлөрүн жана Инди океанын бириктирген деңиз жолуна альтернатива болуп саналат.

Эл аралык транспорт коридорунун үч маршруту бар: Транскаспий (темир жолдорду жана портторду пайдалануу менен), батыш жана чыгыш (кургактагы). Решт – Астара – коридордун  бүткүл узундугу боюнча темир жолдун толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон батыш багытынын акыркы участогу.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Россиянын президенти Владимир Путин Решт-Астара темир жолу бир бөлүгү боло турган “Түндүк-Түштүк” уникалдуу транспорттук артериясы дүйнөлүк транспорт агымдарын олуттуу диверсификациялоого жардам берерин баса белгиледи. Анын айтымында, жаңы коридор боюнча жүк ташуулар олуттуу атаандаштык артыкчылыктарга ээ болот.

 Путин Санкт-Петербургдан Мумбайга жүктүн жеткирилишин мисал катары келтирди: “эгер азыр 30-45 сутка талап кылынса, жаңы участок ачылгандан кийин товар он суткада эле жетет. Муну менен, “убакыт жана чыгымдар жагынан олуттуу үнөмдөөгө” жетишилет, – деп баса белгиледи ал.

 Россия лидери белгилегендей, жаңы транспорттук маршрут дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга реалдуу жана көрүнүктүү практикалык салым кошот.

 “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридорунун ишке кириши Ирандын, Перс булуңунун жана Африка өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнө азык-түлүк жана башка агроөнөр жай продукцияларын ташуу үчүн колдонулат”, – деген Путин.

 Ал ошондой эле россиялык жана ирандык товарлардын тышкы рынокко чыгуусу ыңгайлуу жана географиялык жактан ар түрдүү болорун белгиледи.

 Мындан тышкары, Путин ирандык кесиптешине долбоорго жеке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аны ишке ашыруу Москва үчүн да, Тегеран үчүн да, бүткүл дүйнөлүк транспорт инфраструктурасы үчүн да маанилүү экенин белгиледи.

 Ал ошондой эле Раиси менен онлайн жана бетме-бет сүйлөшүүлөр улантылат деген үмүтүн билдирди.

 Россиянын президенти ошондой эле коридор түзүү боюнча кызматташуу Азербайжан менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп жатканын эске салды.

 “Биз азербайжан тараптын катышуусу менен үч тараптуу форматта “Түндүк-Түштүк” багыты боюнча темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана жүк ташуу боюнча кызматташуу боюнча макулдашууну даярдоо тез арада аяктайт  деп ишеним артабыз. Муну менен үч өлкөнүн мындан аркы ийгиликтүү координациясы үчүн зарыл болгон укуктук база түзүлөт”, – деп кошумчалады Путин.

Өз кезегинде Ирандын президенти Ибрахим Раиси Москва менен Тегерандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды.

 “Бизде чоң экономикалык потенциал бар, ал толук иштетиле элек. Бул долбоорлордун бардыгы ишке ашуусу үчүн биз бардык күчтөрдү, каражаттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек”, – деди Иран президенти.

Эске салсак, марттын орто ченинде Россия “Темир жолдору” компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Сергей Павлов “Түндүк-Түштүк” коридору боюнча эки өкмөттөр аралык келишим даярдалып жатканын билдирген: Иран-Россия жана үч тараптуу Азербайжан-Россия-Иран.

Ал Решт-Астара тилкесин эки тарап – россиялык жана ирандык курарын айтып, бирок эл аралык транспорт коридору бир нече өлкө, анын ичинде Азербайжан аркылуу өткөндүктөн, үч тараптуу келишим да абдан маанилүү деген. Павлов эки документке тең кол коюу 2023-жылы пландалып жатканын кошумчалаган.

Комментарий жиберүү