Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулунан 232 киши мерт болду

Израилдин Газа тилкесине жасаган  соккусунан каза болгондордун саны 232ге жетип, 1700гө жакын адам жаракат алды.

Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин 198 адам каза болгондугу кабарланган.

«Азыркы тапта Израилдин агрессиясынын натыйжасында Газа тилкесиндеги ооруканаларга 232 адамдын сөөгү жеткирилди», — деп айтылат Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле 1697 адам ооруканага жаткырылганы кабарланды.

7-октябрь эртең менен палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы операция баштап, Газа тилкесинен Израилди көздөй жүздөгөн ракеталарды кое берген.

Израиль армиясы да контртеррордук операция жарыялап, Газа секторуна согуштук учактар менен сокку урган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге жасаган кайрылуусунда Израиль согуш абалында экенин айтып, резервдерди кеңири мобилизациялоого буйрук бергенин айтты.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас бир катар расмий өкүлдөр менен болгон чукул жыйында Палестина эли Израиль аскерлеринен өзүн-өзү коргоого укуктуу экенин билдирди.

Комментарий жиберүү