Ооганстанда жер титирөөдөн мерт болгондор миңге чукулдады

Ооганстандын батышында катары менен кеминде үч жолу болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 8-октябрга карата такталган маалымат боюнча миңге чукулдаганы кабарланууда. 7-октябрда түшкө маал Герат шаарынан 40 чакырым аралыктагы аймакта магнитудасы Рихтер шкаласы менен 6,3кө жеткен жер титирөөдөн каза болгондор баштапкы маалымат боюнча үч жүздүн тегерегинде экени, жүздөгөн адам урандылар астында калганы айтылып жаткан.

Ооганстандын борбору Кабулдан 850 чакырым аралыкта жайгашкан Герат өлкөнүн үчүнчү ири шаары, ал маданий борборлордун бири деп эсептелет.

Жалпысынан 12 шаар-кыштак жабыркаганы, электр жарыгы өчүп, имараттар талкалангандыктан айрым жерлерде жолдор тосулуп калганы, жердин силкиниши 700 миңдей калкы бар Гераттын өзүндө да байкалып, кээ бир үйлөр ураганы кабарланууда.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанга 100 тонна дары-дармек жана тийиштүү медициналык жабдык жүктөлгөн атайын учагын жөнөттү.

Комментарий жиберүү