Азия оюндары: Ж. Шаршенбеков тажикстандык атаандашын жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты.

Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти.

Эми ал чейрек финалда түштүк кореялык Ханжаэ Чун менен күч сынашат.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2F100006729180727%2Fvideos%2F652447006867484%2F&show_text=true&width=476&t=

Комментарий жиберүү