Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы алтын үчүн беттеште казакстандык балбан Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде жеңип алды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмак даражасында беттешип, 2 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда тайбейлик атаандашын 8:0 эсебинде жеңген.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Нурзат Нуртаева күмүш медаль, Айсулуу Тыныбекова коло медаль уткан.

Белгилей кетсек, Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда өтүп жактан XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда.

Азыркы тапта Кыргызтандын байге куржунунда 13 медаль, анын ичинде 4 алтын, 2 күмүш жана 7 коло медаль бар.

Комментарий жиберүү