Жалкоолордун таймашы. Черногорияда эң жалкоо киши аныкталды

Черногорияда эң жалкоо адамды аныктаган мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.

Катышуучулар дээрлик 50 күн бою эч нерсе кылбай, бир орунда жатышты, деп жазат сербиялык Telegraf басылмасы.

Ага Черногория, Россия, Сербия жана Украинадан 21 адам катышты. Акыркы күндөрү таймаштын финалына эки гана талапкерлер: черногориялык 23 жаштагы Лидия Маркович аттуу жаш кыз менен Филипп Кнежевич аттуу жаш жигит калган. Алар достук жеңгенин көрсөткүлөрү келген, бирок Филип кийинчерээк жеңишти атаандашына берген.

Лидиянын айтымында, ал чемпионатка бир нече жылдан бери даярданып келген.

Быйылкы чемпионат эң узак болгон – былтыркы мелдеш 120 сааттан ашкан эмес. Эрежеге ылайык, эң жалкоо наамына талапкерлерге гаджеттерди колдонууга жана китеп окууга уруксат берилген. Катышуучулар ар бир сегиз саатта бир жолу 10 мүнөткө дааратканага барып турушкан. Мелдештин бир гана шарты: катышуучуларга отуруп, турууга болбойт, алар бир гана жатышы керек.

Черногорияда жалкоолук боюнча чемпионат 12 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Комментарий жиберүү