Сирияда аскердик колледжге дрондон чабуул жасалып, 80 киши мерт болду

Сириянын батышындагы Хомс шаарында аскердик колледжге учкучсуз учуучу аппараттын жардамы менен жасалган чабуулдан кеминде 80 киши каза болуп, 240 адам жаракат алды.

Бул тууралуу араб республикачынын Саламаттыкты сактоо министри Хасан ал-Габбаш билдирди.

«Хомс шаарындагы аскердик колледжге жасалган террордук чабуулда алдын ала маалыматтар боюнча, 80 киши каза болуп, 240 адам жараат алды, алардын арасында аялдар жана балдар бар», — деген министрдин сөзүн Саламаттыкты сактоо министрлиги келтирди.

Сириянын Коргоо министрлиги мина коюлган учкучсуз аппараттар аскердик колледжге курсанттардын бүтүрүү аземи учурунда чабуул койгонун билдирди. Иш-чара аскер кызматкерлеринин жана алардын жакындарынын катышуусунда өтүп жаткан.

Сирия бийлиги аскердик колледждеги теракттын курмандыктарына үч күндүк аза күтүү жарыялады. Өлкө бийлиги кол салуу жоопкерчилигин “куралдуу террордук топторго” жүктөп, аларга чечкиндүү жооп кайтарыларын убадалашты. Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек.

Тышкы иштер министрлиги БУУ менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинен кол салууну айыптоосун талап кылды.

Азыркы тапка чейин окуу жайга жасалган чабуулду Россия жана Иран айыптады.

Россиянын президенти Владимир Путин кол салууну айтыптап, адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Сириянын президенти Башар Асадга жана окуядан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, бардык жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалады.

Ал Россия терроризмдин бардык формаларына жана көрүнүштөрүнө каршы күрөштө сириялык өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташууну улантуу ниетинде экенин белгиледи.

Комментарий жиберүү