Казакстан Россиядан оолактап, АКШга ыктап жатабы?

25-январда Вашингтондо Адам укуктары жана демократиялык реформалар боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйыны болуп өттү.

Ага Казакстандын президентинин администрациясынын башчысынын орун басары Ержан Казыхан жана АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зей төрагалык кылды.

Бул тууралуу Казакстан Республикасынын президентинин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кошмо Штаттары Казакстандын президентинин жалпы адам укуктарына жана демократиялык принциптерге жана институттарга негизделген кеңири саясий жана социалдык-экономикалык реформаларын казак элинин жыргалчылыгы үчүн толук ишке ашырууну чечкиндүү колдоорун баса белгиледи.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жогорку деңгээлдеги диалогдун кезектеги раундун 2024-жылы Астанада өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Ошол эле учурда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги да, президенттин кеңсеси да Казыхан бир күн мурун Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолукканын кабарлаган жок.

Ак үйдүн басма сөз кызматы билдиргендей, алар АКШ менен Казакстандын БУУнун Уставынын принциптерин, анын ичинде бардык мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоо боюнча милдеттенмелерин ырасташкан.

Алар ошондой эле, өз өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, энергетикалык коопсуздук сыяктуу эки тараптуу жана аймактык маанилүү маселелер боюнча кызматташтыкты баса белгилешти.

Комментарий жиберүү