Стокгольмдогу Курандын өрттөлүшү. Эрдоган Швецияны НАТОго киргизбейт

Даниялык саясатчы Стокгольмдо Куранды өрттөгөндөн кийин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго киришине каршы чыкты.

21-январда Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Куранды өрттөгөн.  Акция Швеция бийлигинин уруксаты менень өткөн. Палудан муну менен Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү каалаганын айткан.

Мындан улам Эрдоган Швеция НАТОго кирүү үчүн Түркиянын колдоосун күтпөй эле койсо болорун айтып, эгер Швеция Түркияны, ошондой эле мусулмандардын диний сезимдерин сыйлабаса, НАТОго мүчө болуу үчүн Анкарадан эч кандай колдоо күтө албарын белгиледи.

“Мусулмандардын же башка диндеги жана ишенимдеги адамдардын ыйыктарын кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок. Швециядагы жийиркеничтүү иш-аракет адамдардын, өзгөчө мусулмандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сыйлагандардын баарын кемсинтүү болуп саналат. Өлкөбүздүн элчилигинин алдында мындай маскарачылык кылгандар мындан ары бизден алардын НАТОго кирүү арызын жактырат деп күтө алышпайт”, – деди Эрдоган.Түрк бийлиги ишемби күнү Стокгольмдо Түркиянын элчилигинин алдында Курандын өрттөлүшүнө катуу нааразылык билдирип, бул аракетти “расисттик” жана “заманбап варварчылык” деп атады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Курандын өрттөлүшү Европадагы исламофобия, расизм жана дискриминациянын деңгээлин тастыктап, Швеция НАТОго кошулуу боюнча кол койгон үч тараптуу меморандумдун милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирди.Палудандын провокациялык аракеттеринен улам Түркия Швециянын коргоо министринин 27-январга белгиленген Анкарага боло турган сапарын токтоткон. Швециянын бийлиги Анкараны өлкөнүн НАТОго кирүү арызын колдоого ынандырууга үмүттөнүшкөн.Анкара министр Пол Жонсондун Түркияга сапарынын мааниси жок деп эсептейт.Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билстрем Палудандын бул иш аракетине байланыштуу билдирүү жасап, мындай провокациялар коркунучтуу экенин, бирок Швецияда сөз эркиндиги бар экенин, падышалыктын өкмөтү исламофобиялык ишенимдерди колдобой турганын билдирди.

Курандын өрттөлүшүнө жооп катары Стамбулда Швециянын желеги өрттөлдү 

Стамбулдагы Швециянын башкы консулдугунун алдында Курандын өрттөлүшүнө каршы ири нааразылык акциясы болуп, анда түрк активисттери Швециянын желегин өрттөштү. Андан кийин митингдин катышуучулары куран окуп дуба кылышты.

Швециянын борборунда Курандын өрттөлүшүн Иран, Россия, Бахрейн, Египет, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия жана башка араб өлкөлөрү да айыпташты.

Швеция менен Финляндия 2022-жылдын 18-майында Украинадагы окуялардан улам НАТОго кошулууну чечкен. Алардын арыздарын буга чейин альянстын 30 өлкөсүнүн 28и жактырган – Венгрия менен Түркия жактыра элек. 

Анкара Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуусун ратификациялай элек жана Стокгольм менен Хельсинкиден Күртстан жумушчу партиясын колдоону токтотууну жана Түркияда террорчулукка тиешеси бар деп эсептелген активисттерди экстрадициялоону талап кылууда. Түрк бийликтери бул убадалар аткарылмайынча түндүк өлкөлөрүн НАТОго кабыл алууда жылыш болбойт деп бир нече жолу билдирген.

Эрдоган 15-январда Швеция менен Финляндия түрк тарап террорчу деп эсептеген күрттөрдү Анкарага өткөрүп берүүдөн баш тартканын билдирген. Ал бир катар адамдарды экстрадициялоо бул мамлекеттердин НАТОго киришинин шарты болгонун  эске салган.

Расмус Палудан деген ким?

Ашынган оңчул көз караштары менен белгилүү болгон Дания-Швеция жараны Расмус Палудан “Катуу багыт” саясий партиясынын негиздөөчүсү. Ал 2020-жылы Данияда бир нече кылмыш, анын ичинде расизм үчүн бир айга түрмөгө кесилген. Палудан буга чейин да Куранды өрттөө акцияларын өткөргөн. Акыркысы былтыр мусулмандар жашаган аймакта болгон.

Палудан 21-январда өткөргөн акцияда НАТОну, Түркияны жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоганды сынга алып,  Куранды өрттөп, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын да көрсөткөн.

Комментарий жиберүү