Кыргызстан, Казакстан жана Иран ооган аялдарын окууга кабыл алууга даяр

23-январда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров расмий билдирүү жасап, Астана талибдер жана Евробиримдик менен ооган аялдарын окутуу программасы боюнча макулдашууга жетишкенин айткан.

Дипломат белгилегендей, казак университеттери Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы ооган студенттери үчүн Евробиримдик жана БУУнун Өнүктүрүү программасы биргелешип ишке ашырып жаткан билим берүү долбооруна активдүү катышууну улантат.

Бирок, факт боюнча, бул чара Ооганстанда аялдардын билим алуу маселесин чече албайт. Эмнеге?

Талибан ооган аялдарына чет өлкөдө окуусуна тыюу салган эмес, бирок аларды өлкөдөн чыгарбай жатышат.

Өткөн жылдын декабрында талиптер түзгөн өкмөттүн Билим берүү министрлиги студент кыздардын университеттерде окуусуна тыюу салган.  Министрлик кыздардын светтик университеттерде билим алуусу исламдын мыйзамдарын бузуп, ислам салттарына каршы келерин билдирген.

Ооганстандагы мамлекеттик жана жеке университеттерге жөнөтүлгөн катта студент кыздардын окуусун тез арада токтотуу тууралуу өкмөттүн буйругу жазылган.

Казакстан ооган аялдарын окууга кабыл алууга даяр экенин билдирген биринчи мамлекет эмес.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министринин жардамчысы Расул Мусави Кабулга Талибан тарабынан аялдардын билим алуусуна салынган тыюу боюнча Тегерандын расмий позициясын билдирген.

Ирандык дипломат Тегерандагы Ооганстан элчилигинин башчысы менен жолугушууда Иран ооган кыздарынын үзгүлтүксүз билим алуу маселелерин онлайн режиминде окутуу сыяктуу жолдор менен чечүүгө даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары, былтыр декабрдын аягында Иран президентинин үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча орун басары Энсие Хазали Иран ооган аялдарына университетте билимин улантууга жардам берүүгө даяр экенин  билдирген.

“Ислам Республикасы ооган аялдарынын университетте ар кандай баскычтарда билим алуусун улантууга жардам берүүгө даяр”, – деп жазган Хазали өзүнүн Twitter баракчасына.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дагы  2021-жылдын август айында Кыргызстан 500 ооган студентин кабыл алууга даяр экенин билдирген.

“Кыргызстандагы университеттер аймактагы эркин жана көп улуттуу болуп саналат. Биз буга чейин Кыргызстанда билим алып келген афганистандык студенттерге виза берүүнү улантабыз. Ошондой эле билим алгысы келген дагы 500 студентти кабыл алууга даярбыз”, – деген Ташиев.

Талибдер 2021-жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан.

2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талибдердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген.

Мындан тышкары, жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдырдын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.

Комментарий жиберүү