Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 3,7 миллиард долларлык жардам көрсөтөт

Кытай Борбор Азия мамлекеттерине 3,7 миллиард долларлык жардам көрсөтө турганын КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин Сиань шаарында өтүп жаткан “Кытай-Борбор Азия” саммитинде билдиргенин РИА Новости билдирди.

«Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон кызматташтыгына, ошондой эле Борбор Азиянын өнүгүүсүнө жардам берүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө 26 миллиард юань (3,7 миллиард доллар) финансылык колдоо жана кайтарымсыз жардам көрсөтөт», – деген Си Цзиньпиндин сөзүн Синьхуа маалымат агенттигине  келтирет.

Мындан тышкары, ал Кытай Борбордук Азия өлкөлөрү менен жакырчылыкты жоюу жаатында илимий-техникалык кызматташуу планын иштеп чыгаарын, ошондой эле Борбор Азияда бизнес жүргүзгөн кытайлык компанияларды аймакта көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө шыктандырарын кошумчалады.

Си Цзиньпин саммит учурунда ошондой эле Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргонуу потенциалын чыңдоого жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

«Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө коопсуздук жана коргонуу тармагында укук коргоо органдарынын потенциалын чыңдоого жардам берүүгө, ошондой эле регионалдык коопсуздукту сактоо жана терроризмге каршы күрөштө өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө даяр», – деген Кытайдын төрагасы.

Белгилей кетсек, “Борбор Азия – Кытай” саммити 18-19-майда Кытайдын Сиань шаарында Си Цзиньпиндин төрагалыгы алдында өтүүдө. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери катышууда.

Бүгүн, 19-майда саммиттин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

Документке президент Садыр Жапаров, КЭР төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Комментарий жиберүү