Өзөктүк державадагы козголоң. Пакистандагы башаламандык аймакты туруксуздаштырууга алып келеби?

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хандын жактоочулары менен аскерлердин ортосунда кагылышуу уланууда. Ал коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган. Ал өзү бул ишти саясий деп эсептейт. Мунун баары өлкөгө жана аймакка кандай коркунуч туудурушу мүмкүн?

Коррупцияга айыпталган Имран Хан

Имран Хан 1996-жылы “Техрик-и-Инсаф” партиясын негиздеп, 2018-жылы бийликке келген. Ал бийликке аскерлердин жардамы менен келген деп эсептелет. Армия Пакистан саясатында салттуу түрдө чоң роль ойнойт. Бирок Хан генералдар менен байланышын четке каккан. Ал өзүн истеблишментке каршы системалуу эмес күрөшчү катары көрсөткөн.

Ага каршы ондогон коррупциялык иштер козголгон. Тактап айтканда, башка мамлекеттердин башкаруучуларынан кымбат баалуу белектерди алган жана кайра саткан деп айыпталууда. Отчёттуулук боюнча улуттук бюро Ханды аялы менен негиздеген “Аль-Кадир университети” фонду мамлекеттик казынага 210 миллион доллар чыгым тарттырган деп айыптоодо.

Хан 9-майда Пакистандын Жогорку сотуна жеткирилип, камакка алынган. Анын тарапкерлеринин массалык демонстрациялары аскерлер жана полиция менен катуу кагылышууларга алып келди.

Окуянын жүрүшү

Ханды камоого даярдыктар көрүлгөндөй көрүнөт. 5-майда эле өлкөдө уюлдук байланыш чектелип, айрым провинцияларда ал толугу менен өчүрүлгөн. Айыптоочу тараптын айтымында, ал соттук буйруктарды тоотпогондуктан, кеминде сегиз суткага камакка алынган.

Хан камалгандан көп өтпөй анын тарапкерлери Исламабаддагы негизги магистралдардын бирин жаап, өрт жагышып, көчө көрнөктөрүн кыйрата башташкан.

Нааразылык акциялары башка ири шаарларда да өттү: Карачиде, Лахордо, Пешаварда. Укук коргоо органдары аларды таркатуу үчүн  суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газды колдонушкан. Кветтада бир демонстрант, Пешаварда төрт киши набыт болду. Жалпысынан республика боюнча кеминде он киши мерт болду.

Пенджаб провинциясында гана үч күндүн ичинде минден ашык адам камакка алынды, 130дан  ашык полиция жана аскер кызматкерлери жарадар болушту. Пакистандын бийлиги ал жерге армия бөлүктөрүн киргизди. Ошондой эле “Техрик-и-Инсаф” партиясынын башкы катчысы Асад Умар жана партиянын вице-төрагасы Махмуд Куреши да камакка алынган.

Демонстранттар “Техрик-и-Инсафтын” мүчөлөрүн токтоосуз бошотууну гана эмес, октябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда шайлоонун датасын бекитүүнү да талап кылышууда. Оппозиция учурдагы премьер-министр Шахбаз Шариф добуш берүүнү кийинкиге калтырат деп кооптонууда.

Индия коңшулары менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү. Россия кырдаалды тез арада жөнгө салууга үмүтүн билдирди. АКШ Хандын тарапкерлерин жана аскерлерди сабырдуулукка үндөдү.

“Вашингтондун колу”

Өткөн жылы апрелде Хан бийликтен четтетилгенде, ал дароо эле муну америкалыктар уюштурганын айткан. Ал исламга басым жасап, АКШнын тышкы саясатын сындаган. Америкалык базаларды Пакистанга жайгаштыруудан баш тартып, Кытай менен жакындашуу багытын алган.

Армия чечет

Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка изилдөөлөр институтунун доценти Борис Волхонский, эгерде Ханды америкалыктар кетирсе да, анда алар өз максаттарына жеткен жок деп билдирди.

“Кытай менен жакындашуу уланып жатканы анык. Россия менен да эч кандай пикир келишпестик болгон жок. ШКУнун деңгээлинде байланыштар болду, мунай боюнча келишимдер бар”, – деп эске салды эксперт.

 Анын айтымында, Пакистанда антиамерикалык маанай күчтүү жана жергиликтүү саясатчылар муну эске алат.

Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун улук илимий кызматкери Владимир Сотников Вашингтон Ханга чындап эле кысым көрсөткөн болушу мүмкүн экенин айтып, бирок азыр ички карама-каршылыктар пайда болгонун белгиледи.

“Башкы себеп — экс-премьер менен элитанын ортосундагы чыр-чатак”, – деди эксперт.

Ал белгилегендей, бул аймактын туруксуздашуусуна алып келиши күмөн. Башаламандык улана берсе, армия жөн эле жарандык өкмөттү кулатат же өкмөт тарапта болушу мүмкүн.

Кандай болгон күндө да Пакистандын өзөктүк куралы эч кимге коркунуч келтирбейт, деп баса белгилешет эксперттер. Алардын айтымында, азыр ал жакта бийликти басып ала турган радикалдуу исламчыл күчтөр жок.

Булак: РИА Новости

Комментарий жиберүү