КЭР АКШны Кытайдын үстүнөн шар учурду деп айыптады

 Кытай Эл республикасы АКШнын чалгындоочу аба шарлары Кытайдын аба мейкиндигине он жолу басып кирди деп айыптады.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалымат берип жатып, америкалык тарап өткөн жылы Кытайдын үстүнөн уруксатсыз он жолу шар учурганын билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, ушул жылдын 3-февралында АКШ Кытайдын чалгындоочу шары Кошмо Штаттардын түндүк бөлүгүндө учуп жүргөнүн байкаган. Эртеси күнү америкалык аскерлер аны президент Жо Байдендин буйругу менен атып түшүрүшкөн.

Болжолдуу түрдө иликтөөчү Алеут аралдарынан Канада аркылуу келип, андан кийин Монтана штатындагы Биллингс шаарына жеткени айтылган.

Пентагон бул шар “Кошмо Штаттардын континенталдык аймагында жайгашкан стратегиялык объектилерди көзөмөлдөө үчүн колдонулганын” билдирген. Кийинчерээк АКШнын жогорку даражалуу аскерий жана улуттук коопсуздук кызматкерлери шпиондук шар Кытайдын куралдуу күчтөрү жүргүзүп жаткан ири чалгындоо программасы менен байланышы бар экенин белгилешкен.

Өз кезегинде Кытай бул окуяга реакция кылып, нааразылык билдирген. Ошондой эле Вашингтондун аракеттерин «ачык ашкере реакция» жана азыркы эл аралык практиканы бузуу деп атап, аба шары жарандык максаттарга арналганын жана америкалык аба мейкиндигине кокустан кирип кеткендигин белгилеген.

Ал эми азыр АКШнын чалгындоочу шарлары Кытайдын аба мейкиндигине бир эмес, он жолу киргенин айыптап чыкты.

Комментарий жиберүү