Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган Нурдагы шаар толугу менен бузулат

 Түркиядагы жер титирөөдөн олуттуу жабыркаган Нурдагы шаарын толугу менен бузуу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу аймактын жетекчиси Осман Билгиндин айткандарын kilithaber маалымат агенттиги жарыялады.

Ал кошумчалагандай, куткаруу иштери аяктагандан кийин бийлик шаарды толугу менен бузуп, тез арада кайра салууну көздөп жатат.

«Биз чоң кырсыкты баштан кечирдик. Шаар куруу министри Курум менен биргеликте чечим кабыл алдык: азыр урандылардын баарын алып чыгып жатабыз. Шаар толугу менен – 100% талкаланды. Шаар кайрадан курулат», – деген Билгин.

Осман Билгиндин айтымында, Нурдагыдагы издөө-куткаруу иштери урандылардын астында калган акыркы сегиз үйдүн аймагында уланууда. Ошентип, куткаруучулар кырсыктан 160 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан аман калган 18 жаштагы жигитти алып чыгарышкан.

Нурдагы – Газиантеп облусунун район борбору. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыкка чейин шаарда дээрлик 17 миң адам жашаган.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркияда жана Сирияда күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө катталып, андан набыт кеткендердин саны акыркы маалыматтар боюнча 40 миңге чукулдады. Жүз миңдеген жаран турак жайсыз калып, миңдегени жарат алды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн адистер тартылды.

Bloomberg жер титирөөлөрдүн түрк экономикасына келтирген зыянын 84 миллиард доллар деп баалады.

Комментарий жиберүү