Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Видео

 Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.

Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинин алдында анын тарапташтары тосуп алды.  

Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ага коюлган дооматтардын баары ойдон чыгарылганын айтты.

“Мага коюлган дооматтардын, козголгон кылмыштын баары ойдон чыгарылган жана калган кылмыш иштери да жакын арада аягына чыгат. Мени соттогондор эртеби-кечпи өздөрү да соттолот. Менин бир гана талабым – менин күнөөм жок. Бир гана күнөөм – ишенчээк болгонум. Бир гана Сокеге (экс-президент Сооронбай Жээнбеков.. – ред)” эмес, ага окшогон башка адамдарга да көп ишенгенмин”, – деди Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле, биринчи кезекте ден соолугуна көңүл бурарын айтып, дарылануу үчүн Испанияга барышы мүмкүн экенин билдирди.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2FEurasiabugun%2Fvideos%2F1241107246805201%2F&show_text=false&width=267&t=0

Бул ортодо Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев бул иш боюнча айыпталган башка жарандарга карата буга чейин райондук жана шаардык соттор чыгарган айыптоо өкүмдөрү жокко чыкканын билдирди.

“Алмазбек Атамбаев эркиндике чыкты. Ушул жылдын 13-февралында Жогорку сот өзүнүн токтому менен “Батукаев ишин” жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберди. Мындан улам Алмазбек Атамбаевке жана иш боюнча айыпталган башка жарандарга карата буга чейин райондук жана шаардык соттор чыгарган айыптоо өкүмдөрү жокко чыкты. Биз жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлардан улам “Батукаев иши” боюнча соттук өндүрүштү кайра баштоо жөнүндү өтүнүч менен Жогорку сотко кайрылган элек. Натыйжада, Алмазбек Шаршенович Атамбаев эркиндике чыкты жана үй-бүлөсүнүн жанында”, – деп жазды Жоошев соцтармактагы баракчасына.

Эске салсак, мыйзамдагы ууру аттыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине 19 адам катышкан. Алардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурорлор Индира Жолдубаева жана Аида Салянова бар.

Бул иш боюнча Жогорку сот буга чейин Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыраткан болчу.

Комментарий жиберүү