ЖККУ: ИМ согушкерлери Борбор Азиянын чекарасына топтолууда

Ооганстандагы ИМ террордук тобунун согушкерлеринин саны 6,5 миң кишиге жетти. Алардын көбү Тажикстан менен чектешкен аймактарда топтолгон.

Мындай маалыматты кечээ, 15-февралда ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, согушкерлердин көбү – 4 миңге жакыны Тажикстан менен чек арада топтолгон.

“Борбор Азияда негизги коркунуч Ооганстандан, тагыраагы, ал жакта тамыр жайган экстремисттик топтордон, анын ичинде ИМ жана Аль-Каидадан келип жатат”, – деди Сидоров.

“Учурда ИМдин ооган бөлүмүнүн саны кыйла көбөйүп, 6,5 миңге жакын согушкерди түзөт, анын ичинен 4 миңге жакыны Тажикстандын түштүк чек араларына жакын жайгашкан”, – деди ЖККУнун штаб башчысы.

Анын айтымында, алар Бадахшан, Кундуз жана Тахар провинцияларында жайгашкан.

Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмун 2022-жылдын аягына чейин жетектеген Станислав Зась Ооганстан дагы деле Тажикстан үчүн коркунучтун булагы экенин айткан.

Эске салсак, былтыр 5-июлда Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан беш ракета атылган. Республиканын Ички иштер министрлиги түшкөн снаряддар жарылган эместигин жана курмандыктар болбогонун билдирген.

Маалыматта белгиленгендей, Термез шаарынын «Мажнунтол» айылындагы жеке турак жайларга зыян келтирилген, ал эми бешинчи снаряд футбол талаасынан табылган. Алардын баардыгын саперлер зыянсыздандырган.

Мындан тышкары, 2022-жылдын июнь айында “Түштүк Түркестан” куралдуу тобу пайда болгону айтылган.

Ушул аптанын башында Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШ армиясы Россияда жана КМШда террордук чабуулдарды жасоо үчүн 60 согушкерди жалдаганы тууралуу маалымат тараткан.

Тышкы чалгындоо кызматы америкалыктар Россиянын Түндүк Кавказ аймактарынан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген адамдарды кызматташууга тартуу үчүн өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү