Сириядан кыргызстандык 18аял жана 41 бала алып келинди

  Бүгүн, 16-февралда “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинди.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коштоп келген.

Белгиленгендей, өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара ушундай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат.

“Балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпил жана коопсуз чөйрөдө жашоого адаптацияланышы үчүн тийиштүү кызматтар көрсөтүлөт. Тиешелүү кызматтар балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иштерди жүргүзөт”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, балдарды репатриациялоо КР президенти Садыр Жапаровдун саясий эркинин, министрлер кабинетинин координациясынын жана тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо жаатындагы мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын өз ара макулдашылган иштеринин, Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин, андан тышкары БУУнун Балдар фондунун жана Эл аралык кызыл жарым комитетинин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Мекенине келген балдарды президенттик аппараттын кырдаал борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин күч органдары 2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганы, алардын ичинен 200дөй адам каза болгону тууралуу жана кеткендердин 150гө жакыны аялдар экени расмий кабарлаган.

“Мээрим” операциясы: Кыргызстандык балдарды Ирактан кайтаруу боюнча биринчи “Мээрим” атайын операциясы 2021-жылдын март айында жүргүзүлгөн.

Анда мекенине кайтарылган 79 баланын 50ү мектеп жашында, 17си бала бакча жашында, 12си 2-3 жаштагылар. Алар адистердин катышуусу менен эки айлык реабилитациядан кийин Кара-Балта шаарына, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына жакындарынын колунда тарбияланууга өткөрүлүп берилген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан Ирак, Сирия жана Ооганстандан “Мехр” 1, 2, 3, 4, 5 атайын операциясынын алкагында 531 жаранын кайтарган.

Казакстан «Жусан» атайын операциясынын алкагында Ирак менен Сириядан өзүнүн 607 жаранын алып келген, алардын ичинен 400ү балдар болгон.

Ал эми Тажикстан Ирактан 84 баланы кайтарып, Сириядагы бир канча лагерде 500гө чейин аялдар жана балдар болушу мүмкүндүгүн билдирген. 2022-жылдын 25-июлунда бул өлкө Сириядан 148 жаранын, анын ичинде 104 бала кайтарып келген.

Комментарий жиберүү