Иран президентинин Кытайга болгон сапары. 20кызматташтык келишимине кол коюлду

 14-февралда Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Кытайга болгон үч күндүк сапары башталды. Бул Иран президентинин акыркы 20 жыл ичиндеги эң жогорку мамлекеттик протоколдук статуска ээ болгон Кытайга жасаган биринчи расмий сапары.

Раиси Пекинге Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барды.

Акыркы жолу Ирандын мурдагы президенти Хасан Руханинин Кытайга мамлекеттик сапары менен 2014-жылы барган. Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жооп иретинде Иранга 2016-жылы барган. Андан кийин Рухани менен Си жумушчу сапарлардын алкагында жана эл аралык уюмдардын жыйындарынын алкагында бир нече жолу жолугушкан.

Ал эми Ирандын азыркы президенти Ибрахим Раиси менен Си Цзиньпиндин буга чейинки жолугушуусу былтыр жайында Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында өткөн.

Раисини аэропорттон Кытайдын маданият жана туризм министри тосуп алды. Андан соң аны Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Улуттук элдик конгрессинин имаратында расмий тосуп алды.

Си Цзиньпин Раиси менен болгон жолугушуусунда Кытай менен Иранды салттуу достук байланыштырып турарын жана эки тараптуу мамилелер эл аралык кырдаалдагы ар кандай чоң өзгөрүүлөрдүн сыноосунан өткөнүн баса белгиледи.

Ал Кытай Иран менен достукту жана кызматташтыкты бекем сактай турганын билдирди.

“Эл аралык жана аймактык кырдаал кандай өзгөрбөсүн, Кытай Иран менен достукту жана кызматташтыкты кыйшаюусуз сактап, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетет”, – деди Кытайдын төрагасы.

Өз кезегинде Раиси иран-кытай достугу мезгилдин сыноосунан өтүп, күндөн-күнгө чыңдалып жатканын айтты.

Ал Кытай бийлигине коронавирустук пандемияга каршы күрөштө жардам көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттер планы боюнча сүйлөшүүлөр боюнча адилеттүүлүктү жактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Иран да, Кытай да бир тараптуу аракеттерге, гегемонияга жана куугунтукка ошондой эле, тышкы күчтөрдүн ички иштерге кийлигишүүсүнө каршы. Иран мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо Кытайды бекем колдойт”, – деди Ирандын президенти.

Мындан тышкары, Раиси бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн төрагасы (өлкөнүн парламенти) Ли Чжаньшу жана Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен да жолугушууларды өткөрдү.

Кол коюлган келишимдер

Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда Тегеран менен Пекиндин ортосунда 20 кызматташтык келишимине кол коюлду.

Эки тараптуу кызматташуунун түрдүү багыттары боюнча кызматташуу келишимдерине кол коюлду: кризисти башкаруу, туризм, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар, экология, эл аралык соода, интеллектуалдык менчик, айыл чарба, экспорт, саламаттыкты сактоо, массалык маалымат каражаттары, спорт жана маданий мурастар.

Эксперттин пикири

“Иран, айрыкча азыркы администрациянын тушунда Кытай жана Россия болгон батыштан башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнүн көлөмүн системалуу түрдө көбөйтүүдө жана президент Раисинин Пекинге жасаган биринчи мамлекеттик сапары Ирандын тышкы саясатынын логикалык ишке ашырылышын көрсөтүп турат”,  – деди МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун аналитиги Адлан Маргоев.

Анын айтымында, Кытайдын аймактагы араб өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыгынын көлөмү Иранга караганда теңдешсиз чоң, ошондуктан Си Цзиньпин алардын лидерлери менен биргелешкен билдирүүгө кол койгон, бирок Кытай Иранга карата чыныгы позициясын өзгөрткүсү келбейт, Кытай арабдар менен каражат таап, ирандыктар менен жаңы адилеттүү дүйнөлүк тартипти курууда.

“Си Цзиньпин Кытай Биргелешкен комплекстүү аракеттер планын кайра баштоо боюнча сүйлөшүүлөргө конструктивдүү катышууну, Ирандын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоону жана өзөктүк маселенин эртерээк чечилишине көмөктөшүүнү улантат деп убада кылган”, – деп билдирди эксперт.

Комментарий жиберүү