Мартта бүткүл дүйнөдө мега-жер титирөө катталабы?


Голландиялык сейсмолог Фрэнк Хоугербитс март айында бүткүл дүйнө жүзү боюнча катуу жер титирөөнүн болушу мүмкүн экенин айтты.

Ал YouTube-каналына жарыяланган видео анализинде планеталардын критикалык геометриясынын конвергенциясы планетанын 12 чекитинде жогорку сейсмикалык активдүүлүккө алып келип, кыйратуучу соккулар Россияга да жетиши мүмкүн экенин айткан.

Ал эми Gazeta.Ru сайты 2023-жылдын 3-мартынан 7-мартына чейин бир катар жер титирөөлөр болушу мүмкүн деп жазган.

Бул ортодо россиялык сейсмолог Владимир Кособоков мындай дүйнө жүзү боюнча кыйратуучу жер титирөөлөр болоору тууралуу айтылган ар кандай маалыматтарды ишенимдүү деп айтууга болбой турганын айтты. Бул тууралуу ал «Известияга» берген маегинде билдирди.

«Мындай кооптуу божомолдорду айткандар абдан көп. Азыр интернет айдыңында мындай маалыматтар көп тарады. Жакынкы келечекте бизди мега-жер титирөө күтүп турат деп айтуу, башкача айтканда, бүткүл дүйнө жүзү боюнча айтылганы абдан кызык. Бирок, бул маалыматтардын чындыгын, же болушу мүмкүн экенин көрсөткөн эч кандай көрүнүштөр да жок», – деди Кособоков.

Ал ошондой эле мега-жер титирөө түшүнүгү 2004-жылы Инди океанында, 2011-жылы Япониянын жээгинде жана 2010-жылы Чилинин жээгинде болгон окуяларга байланыштуу экенин түшүндүрдү. Андан кийин бул жерлерде күчтүү жер титирөөлөр болуп, олуттуу зыян келтирип, көптөгөн адамдардын өмүрүн алганын кошумчалады.

“Бул акыркы он жылдыкта чындап эле жерде болгон үч мега жер титирөө катары катталган”, – деп кошумчалады сейсмолог.

Ошондой эле, Россиянын инженердик сейсмология жана сейсмикалык коркунучту баалоо боюнча директорунун орун басары Рубен Татевосян «Известияга» берген маегинде, кээ бир сейсмологдор эскертип жаткан дүйнөдө ири жер титирөөлөрдүн санынын көбөйүшү азырынча күтүлбөй турганын айткан.

Бирок, буга карабай, Түркияда катастрофа болорун айткан сейсмолог Фрэнк Хугебитс буга чейин 3-февралда Твиттердеги билдирүүсүндө Түркия, Сирия жана Жакынкы Чыгышта күчү 7,5 же андан жогору болгон жер титирөө болорун эскерткен. Үч күндөн кийин, 6-февралда Түркия менен Сириянын чек арасында катуу жер титирөө болуп, 51 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.

Бул ортодо мына ушундай эле божомол 27-февралда Solar System Geometry Survey (SSGEOS) илимий уюмунун YouTube каналында жарыяланган. Анда, Хугебитс Түндүк Американын батыш жээктерин жана Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө, Япониянын түндүгүн, ошондой эле Курил аралдарын, Камчатка, Филиппин жана Индонезиянын Тынч океан жээктерин коркунучтуу зоналар катары атаган.

Анын айтымында, асман телолорунун, атап айтканда, Жердин, Меркурийдин жана Сатурндун абалы 3 жана 4-мартта же 6 жана 7-мартта күчтүү сейсмикалык активдүүлүккө алып келиши мүмкүн. Бул күндөрү жер титирөөнүн күчү 7 же 8 баллга чейин жетиши мүмкүн, бул мега жер титирөө болуп эсептелет.

Анын айткандарынан соң, 13-февралда Тынч океанда Улуу Курил аралдарынын ортоңку тобуна кирген Симушир аралына жакын жерде күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү жакын жердеги эл жашаган Итуруп аралында да сезилген эмес.

Ал эми андан эки күн өткөндөн Камчатканын чыгыш жээгинде күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,7, тогуз сааттан кийин дагы 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген.

Андан кийин да Түркияны бир нече аймагында кайрадан жер силкинүүлөр катталып, жабыркагандар болду.

Акыркы жолу 28-февралда жаңы жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү 4,4 баллга жеткен. Анын очогу 7 километр тереңдикте болгон.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөдөн 45 089 адам каза болгон.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган апаатты өлкөнүн тарыхындагы эң кыйраткыч деп атап: курман болгондор 1939-жылы Түркиянын Эрзинжан шаарында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун санынан ашкан. Анда зилзаладан 32 968 адам каза болуп, 100 миңден ашууну жарадар болгон.

Комментарий жиберүү