Блинкендин сапары Борбор Азия менен Россиянын алакасын солгундата алабы?

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияга сапарын баштады. Блинкен Казакстандын борборуна алгачкы расмий сапары менен келип, республиканын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушту.

Анын аймакка болгон сапарынын максаты – чөлкөмдөгү өлкөлөрдү АКШ менен кызматташууга өткөрүү жана санкциялык режимди бузбоо. Бирок америкалык саясатчы региондогу жагдайды олуттуу түрдө өзгөртө албайт, деп эсептейт эксперт. Блинкендин сапарынан эмнени күтүүгө болот?

АКШнын мамкатчысы Борбор Азияга эмнеге барды?

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияга эки күндүк сапарын баштады. 28-февралда ал Астанада, 1-мартта Ташкентте болуп, ал жерден Индияга “Чоң жыйырмалыктын” тышкы иштер министрлеринин жыйынына барат.

Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматындагы жолугушуусу өттү. Ал 2015-жылы түзүлгөн жана ага чөлкөмдүн беш өлкөсү (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) жана АКШ кирет.

Мамлекеттик департаменттин сайтында С5+1 платформасы – АКШ менен өнөктөштүктө жалпы көйгөйлөрдү чечкен көз карандысыз, гүлдөгөн жана коопсуз Борбор Азияны түзүү боюнча жалпы максатка жетүү” үчүн уюштурулган. Формат үч багытка багытталган – экономика, энергетика жана экология жана коопсуздук. 2021-жылдан бери С5+1 алкагында министрлердин төрт жолугушуусу өткөрүлдү.

Блинкендин визиттин алдындагы брифингде АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Блинкен аймакка Россиянын Украинадагы согушунун бир жылдыгынын фонунда барарын билдирген.

Украинада атайын аскердик операциянын башталганынын бир жылдыгында БУУнун Башкы ассамблеясы “согушту токтотууга” чакырган жана Россиядан өз аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияга добуш берилди. Аны 141 өлкө жактырып, жетөө каршы, 32си калыс болду. Калыс болгондордун арасында Индия, С5+1 форматынын  төрт катышуучусу – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан бар; Түркмөнстан добуш берүүгө таптакыр катышкан жок.

Лональд Лу Борбордук Азия жана Индиянын калыс добуш бериши Вашингтонду канчалык тынчсыздандырат жана бул мамлекеттердин позициясына таасир этүүгө аракет кылабы деген суроого жооп берип,  бул өлкөлөрдүн Россия менен карым-катнаштарынын узак жана татаал тарыхы бар экенин айтты.

“Менин оюмча, алар бул мамилени жакын арада токтотушпайт”, – деп сөзүн улантты мамлекеттик катчынын жардамчысы.

“Бирок биз алар менен бул жаңжалда кандай роль ойной аларын талкуулап жатабыз. Бул өлкөлөр Украинага “тонналаган гуманитардык жардам” жөнөтүштү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты жана эгемендүүлүктү жактап чыгышты”, – деди Лу.

Алардын позициясы Кошмо Штаттар жактагандан айырмаланып турса да, алардын бардыгынын бир максаты бар – чыр-чатакты токтотуу жана аны БУУнун Уставына ылайык жасоо, деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Муну менен ал Вашингтон бул өлкөлөр менен иштешүүдө жумшак аракеттенүүгө ниеттенип жатканын көрсөттү.

Америкалык дипломатия. АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө 25 миллион доллар берет

Кечээ, 28-февралда Блинкен өзүнүн Казакстанга болгон сапарынын кеңири хроникасын Твиттердеги баракчасына  жазды: бул жерде ал Улуттук искусство университетинде Казакстандын маданияты менен таанышты, республиканын жетекчилиги – президент Касым-Жомарт Токаев жана тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен өз өзүнчө жолугушуусу болду. Мамлекеттик департамент ошондой эле Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен да сүйлөшүүлөр болгонун билдирди.

Тлеуберди менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Казакстан менен эки тараптуу да, С5+1 алкагындагы көп тараптуу өнөктөштүктү чыңдоо тууралуу айтып, Токаев 2022-жылы баштаган реформаларды колдоорун билдирди жана Кошмо Штаттары экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендигине ишендирди. Ал көп сандаган темаларга — кургак учук менен күрөшүүдөгү кызматташтыктан тартып, космостук ракеталарды учурууда Казакстандын ролуна чейин токтолду.

Маалымат жыйында биринчи суроо Россияга каршы санкциялар боюнча болду: мамлекеттик катчыдан Казакстан санкцияларды айланып өткөнү үчүн экинчи даражадагы санкцияларга туш болобу жана Вашингтон кандай компенсация бере алат деген суроо берилди.

Блинкен АКШ жана анын өнөктөштөрү санкциялардын сакталышына кылдат көз салып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода мамилелерин диверсификациялоого умтулуусун колдоорун билдирди.

«Биз Россиянын санкцияланган компаниялары менен тыгыз байланышы бар өлкөлөрдөгү компанияларга жана ишканаларга Россия менен болгон байланыштарын кыскартууга убактысы болушу үчүн лицензияларды  [санкциялар режими боюнча жеңилдиктерди берет] бердик», – деди Блинкен.

Ал эми компенсация маселеси боюнча дипломат АКШ «аймакты чыңдоого» аракет кыларын белгиледи.

Мунун механизмдеринин бири АКШ администрациясы тарабынан 2022-жылдын сентябрында чөлкөмдөгү өлкөлөрдөгү экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн башталган Борбордук Азиядагы Экономикалык Туруктуулук демилгеси (ERICEN) болуп саналат. Бул үчүн АКШ аймактагы өлкөлөрдүн жаңы соода жолдорун түзүүгө, инвестициянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана калкка бүгүнкү эмгек рыногуна ыңгайлашууга жардам берүү үчүн практикалык көндүмдөрдү берүү менен жумушсуздук менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн дагы 25 миллион доллар бөлөт. Жалпысынан Вашингтон бул демилгеге 50 миллион доллар инвестиция салууну пландоодо. Буга чейин президент Жо Байдендин администрациясы 25 миллион доллар бөлгөн.

Блинкен Кошмо Штаттар региондун экономикасы үчүн чыгымдарды азайтуу жана аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн бардыгын жасап жатат деп ишендирди.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Блинкен Россияны ондон ашык жолу агрессияда айыптады. Бул контекстте ал жакында Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча планын жарыялаган Кытайды да атады. Ал Пекин Москвага аскерий жардам бербеши керектигин эскертип, «Санкцияларды бузган же башка жол менен Россиянын аскерий аракеттерин колдоого катышкан кытайлык компанияларга же жеке адамдарга каршы чара көрөрүбүз шексиз», – деди Блинкен.

Казакстандын тышкы иштер министри  Мухтар Тлеуберди Астана менен Вашингтон санкция маселеси боюнча тыгыз байланышта экенин ырастады.

Тлеуберди маалымат жыйында чет элдик журналисттин Казакстанга Россия тараптан кооптуулук барбы деген суроосуна жооп берип,  Казакстан Россия менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдиктин, ЖККУнун, КМШнын жана башка уюмдардын мүчөсү экенин жана Казакстандын Россия тараптан кооптуулук сезбегенин белгиледи.

“Казакстан өзүнүн аймагын кандайдыр бир санкцияларды салууга же басып кирүү үчүн пайдаланууга жол бербейт. Анткен менен Россия тарабынан азыр кандайдыр бир кооптуулукту же тобокелдиктерди көргөн жокпуз”, – деп билдирген ал.

Сириядагы кыргызстандыктарды кайтаруудагы АКШнын жардамы.  Блинкен Кыргызстандын ТИМ башчысы менен жолукту

С5+1 форматындагы жолугушуунун алкагында 28-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги маселелер, кызматташуунун келечектүү багыттары, ошондой эле 2023-жылга карата биргелешкен кызматташуу пландары талкууланды.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилешти.

Кулубаев жаңы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар америкалык компанияларды жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү жана башка эки тарапты кызыктырган тармактарга тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантууга умтуларын баса белгилешти.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ТИМ башчысы америкалык тарапка Сириядан кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул процесс жакынкы аралыкта бүтөөрүнө ишеним билдирди.

Буга чейин АКШ кыргыз бийлигинин Сириядагы жарандарын алып келгенин кубаттаган.

Америкалык тарап кыргыз тараптын регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоонун фактору катары мамлекеттер аралык чек ара маселелерин чечүү аракетин кубаттады.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелерин да талкуулашты.

Эске салсак, 16-февралда “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинген.
 
АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө Сириянын чыр-чатак болуп жаткан аймагынан кыргыз жарандарынын мекенине кайтарылышын АКШ кубаттай турганы айтылган.

Билдирүүдө ошондой эле кыргыз бийлигине, жергиликтүү өнөктөштөргө жана Сириядагы демократиялык күчтөргө ыраазычылык айтылган. Ошондой эле ИМ террордук уюмунун чөлкөмгө жана качкындар баш калкалаган лагерлерге дайыма коркунуч туудурары белгиленген.

Россия менен АКШнын Борбор Азия үчүн атаандашуусунан ким пайда көрөт?

Батыштын маалымат каражаттары Блинкендин сапарын орус-кытай мамилелерине байланыштырышты. Bloomberg агенттиги Мамлекеттик катчы “Россиянын таасир чөйрөсүнө” барып, ал жерде Москванын айрым салттуу өнөктөштөрүн АКШнын “Украинадагы согушка байланыштуу” позициясына жакындатууга аракет кылат деп жазды. 

Associated Press агенттиги Блинкендин турнеси АКШ, Россия жана Кытайдын  ортосундагы чыңалуу күчөгөн фонунда болоорун белгиледи.

Reuters агенттиги Дональд Луга шилтеме берип, Борбордук Азияда Блинкен Вашингтон менен аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү потенциалын бекемдөөгө аракет кылаарын билдирди.

Лунун айтымында, АКШ «экономика жагынан гана эмес, ошондой эле баалуулук жагынан да сунуш кыла турган көп нерсеге ээ».

Агенттик ошондой эле АКШ Россиянын Украинага басып киришине каршы бүткүл дүйнөнү бириктирүүгө жана бул жаңжал Москванын Борбор Азиянын беш республикасы менен мамилесин курчутуш үчүн үзгүлтүксүз дипломатиялык ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын белгилеген.

Блинкендин сапарына Россиянын көз карашы

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү Россия үчүн артыкчылык экенин белгиледи.

“Биздин Борбордук Азия өлкөлөрү менен өзүбүздүн эки тараптуу мамилелерибиз бар, өз ара аракеттенүүнүн өз форматтары бар, алардын бир катарлары менен бизди Евразиялык экономикалык биримдиктин интеграциялык процесстери бириктирип турат – бул биздин тышкы саясаттагы башкы артыкчылыгыбыз”, – деди Кремлдин өкүлү.

Эксперттин пикири

Эл аралык жана аймактык кызматташтык институтунун (Алма-Ата) директору Булат Султановдун айтымында Украинадагы атайын аскердик операциянын алдында АКШ Борбор Азия өлкөлөрүн Россиядан ажыратуу аракетин көргөн. Эки жыл мурун бул максатта Казакстанга АКШнын Мамлекеттик департаменттин көптөгөн өкүлдөрү келишкен.

“Күн тартибинде жаңы аймактын – Чоң Борбор Азиянын негизин түзө турган Борбордук жана Түштүк Азияны жакындаштыруу идеясы болгон. 2021-жылдын августуна чейин бул процессти Ооганстандагы кырдаалдын курчушу менен байланыштырышкан. Эми маселе Борбор Азия өлкөлөрү Россияга каршы санкция саясатына кошулушу же жок дегенде бул санкцияларды айланып өтүүгө жардам бербеши керектигинде турат”, – деди Султанов РБК агенттигине берген маегинде.

Ал эми саясий илимдердин доктору Андрей Казанцев белгилегендей, АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбор Азияга жасаган сапары негизинен эч нерсени өзгөртпөйт. 

“Борбор Азия лидерлери Россиянын аймактарынын кеңейтилишин эч качан колдобогондугун айтышып, аймактык бүтүндүктү жана эгемендүүлүктү жакташат, бирок алар кылган иштерин уланта беришет”, –  деди эксперт РБК агенттигине.

Анын айтымында, бул сапардан АКШнын чөлкөмдөгү таасири күчөп кетпейт.

“Акыркы убакта Борбор Азия мамлекеттери тышкы саясатын байкаларлык түрдө диверсификациялашты, натыйжада аймакта Түркия менен Кытай катуу бекемделди. Түркия менен Кытай аймактагы негизги оюнчулар болгондуктан бул тенденцияны Блинкен кандайдыр бир жол менен өзгөртө албайт. Эгер россиялык таасирдин кандайдыр бир компоненти сүрүлсө , анда аны Батыш эмес, Түркия менен Кытай алмаштырат”, –  деп кошумчалады эксперт.

Комментарий жиберүү