Палестина-Израиль согушу башталгандан бери кеминде 53 журналист каза болду

Палестина-Израиль кагылышуусу курчугандан бери каза болгон журналисттер менен медиа кызматкерлеринин саны кеминде 53кө жеткенин Журналисттерди коргоо комитети билдирди.

«21-ноябрга карата Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөсү 7-октябрдагы палестина-израилдик жаңжалдан бери каза болгондордун арасында кеминде 53 журналист жана медиа кызматкери бар экенин аныктады», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Буга чейин “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык бейөкмөт уюмунун башкы катчысы Кристоф Делуар Палестина-Израиль согушу тууралуу комментарий берип жатып, кыска убакыттын ичинде мынчалык көп журналист өлтүрүлгөнүн буга чейин көрбөгөнүн айткан болчу.

Палестина-Израиль жаңжалы

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип,  200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары,  Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 14 миңден ашты, 33 миңден ашуун адам жараат алды.

Комментарий жиберүү