ЖМК: Израиль 300 палестиналыкты бошотот, алардын 290у өспүрүмдөр жана балдар

Израиль бошото турган талапкерлердин тизмесинде 300 палестиналыктын дээрлик 290у 18 жаштан кичүү жаштар, калгандары аялдар, деп билдирет Times of Israel.

«Абактан бошотулушу пландалган 300 туткундун 287си 18 жаштагы жана андан кичүү эркек балдар. Алардын көбү Батыш жээкте же Чыгыш Иерусалимде башаламандык жана таш ыргытуу боюнча соттолгон. Калган 13 туткун чоң аялдар», — деп жазат басылма.

i24 телеканалынын маалыматы боюнча, туткундан бошотула тургандардын эң жашы 14 жашта.

Буга чейин Израилдин юстиция министрлиги Газа тилкесиндеги барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча Хамас кыймылы менен келишимдин алкагында бошотулууга тийиш болгон 300 палестиналык туткундун тизмесин жарыялаган.

Хамас буга чейин Израиль менен Газа тилкесинде бардык согуштук аракеттерди токтотуу жана 150 палестиналык туткундун ордуна барымтадагы 50 израилдикти бошотуу менен төрт күндүк элдешүү түзүү боюнча келишимге жетишкенин билдирген.

Израиль өкмөтүнүн документине ылайык, Израилдин палестиналык ХАМАС кыймылы менен Газа тилкесиндеги барымтадагыларды бошотуу жана ок атышпоо келишими бир нече этаптан турат жана убакыт чеги бар.

«Барымтадагы 10 кишиден турган ар бир топтун бошотулушу үчүн 24 сааттык ок ​​атышпоо камсыз кылынат», — деп айтылат Израиль өкмөтүнүн маалыматында.

Биринчи этапта төрт күнгө жарашуу каралган. Адегенде Хамас жөөт мамлекетине барымтадагы 50 кишини кайтарып бергенден кийин Израиль 150 палестиналыкты бошотот деп күтүлүүдө. Экинчи этапта алмашуу ошол эле формула боюнча жүргүзүлөт. Бирок процессте бошотулгандардын акыркы саны жарыялангандан айырмаланышы мүмкүн.

Жаңжалдашкан тараптарга Катар менен Египет ортомчу болду.

Комментарий жиберүү