Хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармаганын билдирди

Йемендик «Ансар Аллах» кыймылынын өкүлү Яхья Сариа хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармап, Йемендин жээгине сүйрөп барып токтотушканын билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, кеменин экипажы кармалган.

«Йемендин куралдуу күчтөрү Кызыл деңизде аскердик операция жүргүзүп, натыйжада израилдик кеме колго түшүрүлдү. Ал Йемендин жээгине алып келинди. Йемендин куралдуу күчтөрү кеменин экипажына биздин ислам динибиздин окууларына жана баалуулуктарына ылайык мамиле кылууда», — деп айтылат кыймылдын өкүлүнүн Telegram-каналындагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө.

Буга чейин «Al Hadath» телеканалы булактарына таянып, хуситтер Аден булуңунун сууларында Израилдин жүк ташуучу Galaxy Leader кемесин 22 экипаж мүчөсү менен кармап алганын билдирген. Өз кезегинде Al Mayadeen телеканалы кеме Кызыл деңизде кармалганын жана экипаждын курамы 52 кишиден турганын билдирген. Marine Traffic кызматынын маалыматы боюнча, кеме Багама Шериктештигинин желегин көтөрүп жүргөн. Эки телеканал тең Galaxy Leader Израилдин кемеси деп аташкан, бирок хуситтер сыяктуу эле эч кандай далил келтирген эмес. Акыркы жолу кеме өзүнүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды 18-ноябрда берген. Анда кеме Кызыл деңиздин борбордук бөлүгүндө жүргөн. Учурда Galaxy Leader кемесинин транспондерлери өчүрүлгөн, Marine Traffic кызматынын веб-сайтында навигация статусу «кыймылдаткыч менен жүрүп жатат» деп көрсөтүлгөн. AFP агенттигинин маалыматына караганда, колго түшүрүлгөн кеме Йемендин Ходейда портуна токтотулган.

Израилдин четке кагуусу

Израилдин Коргоо күчтөрү Al Hadath жана Al Mayadeen агенттигинин маалыматтарын четке кагып, Түркиядан Индияга бара жаткан Galaxy Leader кемесинин жөөт мамлекети менен эч кандай байланышы жок экени жана экипаждын арасында израилдиктердин жок экенин билдирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, кеме британиялык компанияга таандык, аны япониялык компания башкарат жана бортунда 25 экипаж мүчөсү бар, алардын бири да Израилдин жарандары эмес.

Хуситтердин коркутуулары

Жекшемби күнү эртең менен «Ансар Аллах» кыймылынын өкүлү Яхья Сариа хуситтер жете ала турган чектеги Израилдин жарандык кемелерине кол салышы мүмкүн экенини айтып коркуткан. Ал бардык өлкөлөрдү экипаждын курмандагы өз жарандарын эвакуациялоого жана Израилдин жүк ташуучу компанияларынын кызматынан баш тартууга чакырган. Кыймылдын өкүлү Кызыл деңизде мындай кемелерге жакындабоону сунуштаган.

14-ноябрда «Ансар Аллахтын» лидери Абдель Малек аль-Хуси Израилдин аймагына чабуулун улантууга убада берип, Кызыл деңизде жана Баб аль-Мандеб кысыгында жөөттөрдүн кемелерине кол салабыз деп коркуткан. Ал жарандык кемелер бутага алынабы же жокпу тактаган эмес.

Израилге сокку уруу

Газа тилкесиндеги кырдаал курчугандан бери хуситтер Израилдин аймагына бир нече жолу чабуул жасаганын кабарлашкан. 31-октябрда Сариа жөөт мамлекетине карай көп сандагы баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурганын жарыялаган. Ошол эле күнү Израиль армиясынын басма сөз кызматы Эйлат шаарынын аймагында «душмандын учуучу аппараты басып киргенин» эскерткен сирена жаңырганын билдирген. Израилдин Kan радиосунун билдиргенине караганда, учкучсуз учак Йеменден учурулуп, Кызыл деңиздин асманында атып түшүрүлгөн.

27-октябрда Египеттин абадан коргонуу күчтөрү Синай жарым аралынын түндүк-чыгыш регионунун үстүндө Кызыл деңиздин түштүк бөлүгүнөн түндүк багытка учурулган эки аппаратты атып түшүргөн. Андан бир аз мурда Израилдин Тышкы иштер министрлиги хуситтер Египет аймагына ракета жана учкучсуз учактар менен кол салганын жарыялаган.

Kyodo: Кеменин экипажында беш өлкөнүн жарандары бар

Йемендик хуситтер тарабынан кармалган Galaxy Leader кемесинин оператору япониялык Nippon Yusen (NYK Line) компаниясы экенин Kyodo агенттиги билдирди.

Билдирүүдө кеменин бортунда Болгария, Мексика, Румыния, Украина жана Филиппинден 25 экипаж мүчөсү болгону белгиленет. Кемеде Израилдин жана Япониянын жарандары болбогону баса белгиленет. Кеме Улуу Британиялык компанияга таандык.

Комментарий жиберүү