Ирандын Жогорку лидери ислам өлкөлөрүн Израиль менен мамилелерди үзүүгө чакырды

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи жекшемби күнү мусулман өлкөлөрүн Израиль менен мамилесин биротоло үзүүгө, атап айтканда, Тель-Авивге азык-түлүк жана электр энергия жеткирүүнү токтотууга чакырды.

«Кээ бир ислам өлкөлөрү Израилдин кылмыштарын ачык эле айыпташты, кээ бирлеринин муну жасай электиги кабыл алынгыс нерсе. Учурдагы негизги маселе — Израилдин эң маанилүү артериясын бууп, кээ бир ислам өлкөлөрүнүн аркасы менен энергия жана азык-түлүк алуусуна жол бербөө керек. Мусулман мамлекеттери Израиль менен саясий мамилелерин жок дегенде белгилүү бир убакытка токтотушу керек», — деп келтирди Ирандын IRNA мамлекеттик агенттиги Хаменеинин сөзүн.

Палестина-Израиль жаңжалы

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип,  200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары,  Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 12 миңден ашты, 30 миңден ашуун адам жараат алды.

Комментарий жиберүү