Си Цзиньпин «Талибан» өкмөтүнүн элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Ооганстандын Кытайдагы жаңы элчиси Билал Каримиден ишеним грамотасын кабыл алганын Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Карими буга чейин «Талибан» өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.

Ведомстводон билдиришкендей, Си Цзиньпин шейшемби күнү кечинде Пекинде 42 жаңы элчиден ишеним грамоталарын кабыл алган. Алардын арасында Ооганстандын Пекиндеги элчиси Карими да бар.

Иш чара Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө өткөн.

Өткөн жылы Кытай Ооганстанда Талибан кыймылы бийликти колго алгандан бери расмий түрдө жаңы элчи дайындаган биринчи мамлекет болгон. Маалымат каражаттары Ооганстандын жаңы элчиси Кытайда иштей баштады деген кабарлар өткөн жылдын декабрь айында пайда болгон. Анда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэньбинь журналисттердин элчинин дайындалышы Кытайдын талибдердин өкмөтүн расмий тааныганынын белгисиби же жокпу деген суроосуна түз жооп берген эмес.

Ошол эле учурда ал Кытай ар дайым Ооганстан эл аралык коомчулуктан четтетилбеши керек деп эсептейт деген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда талибдер Ооганстанда бийликке келгенден бери алардын өкмөтүн дүйнөнүн бир дагы өлкөсү расмий тааный элек.

Комментарий жиберүү