С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  1-декабрда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын Президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен жолугушту.

Эскерте кетсек, бүгүн Дубай шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө COP28 — Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 28-сессиясынын алкагында уюштурулган климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Комментарий жиберүү