Казакстан франциялык эмес, россиялык Су-30СМ согуштук учактарын сатып алат

Казакстандын Коргоо министрлиги франциялык Rafale согуштук учактарын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты четке какты.

Республиканын Абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы колбашчысынын куралдануу боюнча орун басары Ержан Нильдибаев Казакстандын Коргоо министрлиги Франциянын Dassault Aviation компаниясынан Rafale согуштук учактарын сатып алуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эместигин билдирди.

Франциянын «Tribune» гезити 26-ноябрда чыккан макаласында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун ноябрдын башында Өзбекстан менен Казакстанга жасаган иш сапарында франциялык Rafale согуштук учактарын бул өлкөлөргө сатуу маселеси талкууланганын жазган.

«Бул маселе боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Андай пландар да болгон эмес. Жакшы учак, жакшы машина, бирок абдан кымбат… «Баасы — сапаты» жагынан тандап, биз азырынча Су-30 СМ учагына токтолдук», — деди Нильдибаев Казакстан Франциядан согуштук учактарды алууга кызыкдар деген маалымат каражаттарынын суроосуна жооп берип жатып.

Ал Казакстандын Абадан коргонуу күчтөрү 2023-2024-жылдары СУ-30СМ үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатканын белгиледи. Ошондой эле, Нилдибаевдин айтымында, республика «Тор-М2» зениттик-ракеталык комплексинин эки батареясын алат.

Эске салсак, ноябрдын башында Франциянын президенти Эммануэль Макрон Казакстан жана Өзбекстанга расмий иш сапары менен барып, бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын аймакка сапарынын максаты Франциянын энергетикалык коопсуздугун жакшыртуу болгонун Bloomberg булактарына таянуу менен жазган. Анын маалыматы боюнча, атап айтканда, Казакстанда Макрон Францияга мунай берүүнүн көлөмүн жана уранды экспорттоону макулдашкан.

Комментарий жиберүү