БУУ Газа тилкесин дүйнөдөгү балдар үчүн эң кооптуу жер деп атады

Газа тилкеси кайрадан дүйнөдөгү балдар үчүн эң кооптуу жерге айланды жана анклавдагы жаңжалда мындан ары балдар өлбөшү үчүн бардык мүмкүн болгон нерселерди жасоо керек, — деди БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) башчысы Кэтрин. Рассел.

Жума күнү эртең менен Израилдин Коргоо күчтөрү палестиналык ХАМАС кыймылын ок атышпоо келишимин бузду жана Израил аймагын аткылап жатат деп айыптап, Газа тилкесинде согуштук аракеттерин кайра баштаган. Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуштук аракеттерди убактылуу токтотуу жума күнү саат 7.00дө (Москва убактысы боюнча 8.00) аяктаган. The Wall Street Journal элдешүү бир күнгө узартылганын кабарлаган, бирок бул маалымат расмий тастыкталган жок.

«Бүгүн Газа кайрадан балдар үчүн эң кооптуу жер болуп калды. Алдыда кыш да турат. Чыр-чатактын бардык тараптары бардык балдардын өмүрүн жана жыргалчылыгын коргоо үчүн колдон келгендин баарын кылышы керек. Мындан ары бул жаңжалда бир да бала өлбөшү керек», — деген ЮНИСЕФтин башчысы.

Ноябрдын башында БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитети Газадагы согуш кыска убакыттын ичинде көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткенин, беш жумада 4600дөн ашуун бала каза болгонун билдирген.

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш 56-күндөн бери уланууда. 7-октябрь эртең менен палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип,  200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жай тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары,  Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 16 миңден ашты, 36 миңден ашуун адам жараат алды.

24-ноябрда Израиль менен ХАМАС Катардын жана Египеттин ортомчулугу менен төрт күндүк элдешүүгө макул болушкан. Макулдашуу ошол эле күнү жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дө күчүнө кирген. Анын алкагында, тараптар төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, туткундарды алмашууда. Башкача айтканда, барымтадагы бир израилдик үч палестиналык туткунга алмаштырылат. Бул аралыкта Газа секторуна гуманитардык жана медициналык жардам өткөрүлүп турат.

Биринчи этаптын алкагында 25-ноярда ХАМАС кыймылы барымтадагы 12 таиланддык жана 13 израилдикти бошотуп, Израиль 39 палестиналыкты – 24 аял жана 15 жашы жете элек өспүрүмдү кое берген. 26-ноябрда ХАМАС Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө барымтадагылардын үчүнчү тобун өткөрүп берген. Алардын арасында Израилдин 14, Таиланддын үч жараны бар. Ушул эле күнү Израиль түрмөдөгү дагы 39 палестиналыкты бошоткон.

29-ноябрь күнү кечинде ХАМАС барымтадагы 14 кишини бошоткон. Алардын 10у Израилдин, экөө Таиланддын жарандары экени айтылган. Анын алдында Россия менен Израилдин кош жарандыгы бар эки аял бошотулганы айтылган. Буга жооп катары Израиль 30 палестиналык — 15 аял жана 15 өспүрүмдү бошоткон. Тараптардын ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча бир жумага созулган макулдашуунун мөөнөтү 1-декабрга караган түнү соңуна чыккан.

Комментарий жиберүү