Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн мусулмандарынын Дин башкармаларынын жетекчилеринин кезектеги жыйыны болуп өттү.

25-ноябрь күнү Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкентте Түрк Мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мусулмандарынын Дин башкармаларынын жетекчилеринин IV жыйыны болуп өттү.

Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы төрагалык кылган жыйынга ТМУнун Баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Түркменстан өлкөлөрүнүн муфтийлери жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев катышты. Диний лидерлер Израилдин Газада жашаган мусулмандарды аял-эркек, жаш-кары дебей тынымсыз жүргүзүп жаткан кыргынын айыптап, ок атууну токтотуу зарылдыгын бир ооздон кубатташты жана палестиндиктер үчүн дуба кылышты.

 

1 of 7-+

Жыйында экстремизм, акыйдадагы адашуу, караңгылык жана исламофобия көйгөйлөрү менен күрөшүү жолдору талкууланды. Аны менен катар илим жана тарых изилдөөчүлөргө мүчө өлкөлөр тарабынан тийиштүү шарттарды түзүп берүү, үммөттүн биримдик, ынтымагы, жаштардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип жаткан глобалдык көйгөйлөрдөн сактануу чаралары, тамак-аштын тазалыгынын жана адалдыгынын маанилүүлүгү, ошондой эле салттуу исламды коомго туура түшүндүрүү өңдүү бир катар сунуштар көтөрүлдү.

Аталган жыйынга кыргыз тараптан Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап каары Масалиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мирзат ажы Барпыбеков, Аалымдар Кеңешинин жооптуу катчысы Акылбек Халбеков жана Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийинин жардамчысы Молдожаш Турдукулов катышты.

Абдиманап кары Масалиев бир жыл бою байланышты мыкты деңгээлде жүргүзүп, жыйынды жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Өзбекстан Республикасынын Президенти Мирзиёеоев Шавкат Мирамоновичке жана Өзбекстандын Муфтийи Нуриддин ажы Холикназаровго Кыргызстан мусулмандарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, ТМУнун Дин башкармалыктарынын жыйынына төрагалык кылуу кезеги Казакстанга өткөрүлдү.

Комментарий жиберүү