Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Газадагы жабырлануучуларга гумжардам көрсөтүлөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Палестинанын Газа тилкесинин жабырлануучуларына гуманитардык жардам көрсөтүлөт.

Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри, генерал-лейтенант Александр Куренков менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Палестина мамлекетинин учурдагы абалы, жарандарды эвакуациялоо иштеринин жүрүшүн талкуулап, эки өлкөнүн министрликтери жабыр тарткан өлкөгө биргеликте гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашышты.

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Газа тилкесиндеги кыргызстандык эки жаранды эвакуациялашкандыгы үчүн россиялык куткаруучуларга ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташууну бекемдөөнүн, аны ийгиликтүү өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу багыттары талкууланды.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” маршруту менен Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирген. Эвакуация КР Тышкы иштер министрлигинин, КРнын Сауд Аравиядагы элчилиги жана Россиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ишке ашырылган.

Комментарий жиберүү