Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстандын элине гуманитардык жардам көрсөтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлик тарабынан жакынкы күндөрдө Ооганстанга 100 тонна азык-түлүк түрүндөгү, тагырагы 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, 500 жууркан, 500 төшөк жеткирилет.

Ошондой эле Эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 млн сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.

 

1 of 7-+

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Ооганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Табигый кырсык 2 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, 9240 адам жараткат алып, 1 миң 300дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Герат Иран чек арасынан 120 км чыгыш тарапта жайгашкан. Шаар Ооганстандын маданий борбору болуп эсептелет. Герат провинциясында 1,9 миллионго жакын адам жашайт.

Ооганстан Евразия менен Индия тектоникалык плиталарынын кошулган жеринде жайгашкандыктан, өзгөчө Гиндукуш тоо кыркаларында тез-тез жер титирөөлөр болуп турат.

Былтыр июнда Пактика провинциясында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, 1000ден ашуун адам каза таап, он миңдеген адамдар үй-жайсыз калган.

Комментарий жиберүү