Палестиналыктар туткундардын израилдик түрмөдөн бошотулушун майрамдоодо. Видео

24-ноябрдан бери Газа тилкесинде төрт күндүк мөөнөткө ок атышуу токтотулган. ХАМАС менен Израилдин макулдашуусу боюнча бул мезгил аралыгында тараптар туткундарды алмашмай болгон.

25-ноярда ХАМАС кыймылы барымтадагы 12 таиланддык жана 13 израилдикти бошотуп, Израиль 39 палестиналыкты – 24 аял жана 15 жашы жете элек өспүрүмдү кое берген. Кечээ, 26-ноябрда ХАМАС Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө барымтадагылардын үчүнчү тобун өткөрүп берди. Алардын арасында Израилдин 14, Таиланддын үч жараны бар. Ушул эле күнү Израиль түрмөдөгү дагы 39 палестиналыкты бошотту.

Бул күндөрү Палестина автономиясында миңдеген палестиналыктар туткундардын израилдик турмөлөрдөн бошотулушун майрамдап жатышканын РИА Новости жазды.Видеоплеер

Майрамдык иш-чара Рамалладан бир нече чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Эль-Бера шаарынын борбордук аянтында өтүүдө.

Аянтка чогулгандар Палестинанын ошондой эле ХАМАС кыймылынын желектерин көтөрүп чыгышты.

«Абакта дагы эле көптөгөн бир туугандарыбыз бар, алар ал жакта абдан оор абалда. Каршылык жеңет, баскынчылар жеңилет»,- деди Хамада Абу Самра РИА Новостиге.

Мындан бир саат мурда Израилдин ар түрдүү түрмөлөрүнөн бошотулган палестиналык туткундардын экинчи тобун ташыган автобустар Бейтуния жана Аль-Бера шаарларына келген. Эки күндө жалпысынан 39 палестиналык, анын ичинде алты аял бошотулду.

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылы Катардын жана Египеттин ортомчулугу менен төрт күндүк элдешүүгө макул болушкан. Макулдашуу 24-ноябрда жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дө күчүнө кирген. Анын алкагында, тараптар төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, туткундарды алмашат. Башкача айтканда, барымтадагы бир израилдик үч палестиналык туткунга алмаштырылат. Бул аралыкта Газа секторуна гуманитардык жана медициналык жардам өткөрүлүп турат.

Комментарий жиберүү