ХАМАС менен Израиль барымтадагылардын биринчи тобун алмашты

Палестиналык ХАМАС кыймылы барымтадагы 12 таиланддык жана 13 израилдикти бошотту. Израиль өз кезегинде 39 палестиналыкты – 24 аял жана 15 жашы жете элек өспүрүмдү бошотту.

Газа тилкесиндеги израилдик барымтадагылар Кызыл Крест уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилгенин Kan радиосу булактарга таянып билдирди.

«ХАМАС тарабынан бошотулган 13 израилдик Египеттин чек арасын кесип өттү», — деп ырастады Times of Israel агенттиги.

ЖМКлардын жазганына караганда, бошотулгандар «Нитсана» өткөрмө пункту аркылуу Израилге кайтып келиши керек. Мындан тышкары, «Нaaretz» гезити жазгандай, Газада бошотулган таиланддык 12 адамдан турган топ жөөт мамлекетине келип, «Шамир» медициналык борборуна жеткирилди. Таиланддын премьер-министри Сетта Тависин Газадан барымтадагы 12 таиланддык бошотулганын тастыктады.

Буга чейин Египеттин мамлекеттик маалымат кызматынын башчысы Дия Рашван Египет бийлиги азыр «Рафах» өткөрмө бекетинде ХАМАС кыймылы тарабынан бошотулган туткундарды кабыл алууга даярданып жатканын билдирген. Рашван Египет Газадан 25 кишини – 12 Таиланддын жаранын жана Израилдин 13 жаранын кабыл ала турганын билдирген.

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылы Катардын жана Египеттин ортомчулугу менен төрт күндүк элдешүүгө макул болушкан. Макулдашуу кечээ, 24-ноябрда жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дө күчүнө кирген. Анын алкагында, тараптар төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, туткундарды алмашат. Башкача айтканда, барымтадагы бир израилдик үч палестиналык туткунга алмаштырылат. Бул аралыкта Газа секторуна гуманитардык жана медициналык жардам өткөрүлүп турат.

Комментарий жиберүү