Whats App 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту

Whats App 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту

WhatsApp мессенжери акыркы үч жумада 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The Guardian” басылмасына шилтеме берип жазды. WhatsApp жоготкон колдонуучулардын арасынан болжол менен 25 миллиону Telegram  дагы 7 миллиондон ашууну  Signal мессенджерине өткөн. Колдонуучулардын WhatsAppтан массалык түрдө чыгуусуна  купуялык саясаттын өзгөрүшү себепчи болду. Жаңы саясаттын алкагында, бул мессенжер маалыматты өзүнүн башкы компаниясы – Facebookка өткөрүп берет. Буга чейин Telegramдын  негиздөөчүсү Павел Дуров колдонуучуларынын санынын рекорддук өсүшүн жарыялаган.

Прочитайте больше

Талибандын саясий делегациясы Тегеранга келди

Талибандын саясий делегациясы Тегеранга келди

Талибандын саясий делегациясы Ирандын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Тегеранга келди. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Талибандын саясий делегациясынын Тегеранга сапары жөнүндө жарыялады.Белгилей кетсек, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде Талибандын молдо Абдул Гани Барадар башында турган саясий делегациясынын Тегеранга чакырылганын билдирди. Хатибзаденин айтымында, Тегеранда Талибандын саясий делегациясы Ирандын Тышкы иштер министри жана Ирандын Ооганстандагы атайын өкүлү баш болгон расмий адамдар менен жолугушуп, Ооганстандагы тынчтык жараяны жана ага байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Прочитайте больше

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустун жүрүшү каралууда

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустун жүрүшү каралууда

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык маселелер боюнча жыйында мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустарды жүргүзүүнү сунуштады. Анын айтымында, окуучуларды акысыз ташуу үчүн Шаардык транспорт башкармалыгына муниципалитеттин унаа токтотуучу жайынан 10 автобусту бөлүп берүү керек. Түлөбаев автобустун чыгымдарын мэрия өзү жабарын белгиледи.

Прочитайте больше

Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатка өткөрүлүп берилди

Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатка өткөрүлүп берилди

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатта кароого жөнөтүлдү. Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Өкүлдөр палатасынан шайланган интерпелляциялык топтун мүчөлөрү, 8-февралда карала турган Трамптын “башаламандык уюштурган” деген айыптоо иш кагазын Сенатка жиберишти. Иш Сенатка жеткенден кийин, Өкүлдөр палатасынын импичмент тобунун башчысы Жимми Раскин Трамптын айыптоо боюнча корутундусун окуп берди.Белгилей кетсек, АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо планын 13-январда жактырган.Эске салсак, Америка Кошмо Штаттарынын экс-президенти Дональд Трамп, өз тарапкерлерин 6-январда Капитолийге кол салууга үндөгөндүгүнө байланыштуу оор…

Прочитайте больше

Байдендин биринчи тышкы саясий кадамы

Байдендин биринчи тышкы саясий кадамы

АКШнын жаңы президенти Йемендин “Ансаруллах” партиясын эмбаргодон убактылуу бошотту. Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Каржы министрлиги Йемендин Ансаруллах кыймылына карата 26-февралга чейин созулган санкциялардан убактылуу бошотуу жөнүндө чечим чыгарды.Белгилей кетсек, АКШнын Каржы министрлигинин чечимине ылайык, Йемендин Ансаруллах кыймылы менен туткун алмашуу лицензиясы 26-февралга чейин берилди.Мурдараак, АКШнын Мамлекеттик департаменти Йемендин Ансаруллах кыймылын террордук уюм катары карай баштагандыгын жарыялаган.Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, учурда департамент бул процесс боюнча биротоло чечим кабыл алуу үчүн маселени тез арада карап жатат.Эске…

Прочитайте больше