Талибандын саясий делегациясы Тегеранга келди

Талибандын саясий делегациясы Ирандын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Тегеранга келди.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Талибандын саясий делегациясынын Тегеранга сапары жөнүндө жарыялады.
Белгилей кетсек, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде Талибандын молдо Абдул Гани Барадар башында турган саясий делегациясынын Тегеранга чакырылганын билдирди.
 Хатибзаденин айтымында, Тегеранда Талибандын саясий делегациясы Ирандын Тышкы иштер министри жана Ирандын Ооганстандагы атайын өкүлү баш болгон расмий адамдар менен жолугушуп, Ооганстандагы тынчтык жараяны жана ага байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Комментарий жиберүү