Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатка өткөрүлүп берилди

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо иши Сенатта кароого жөнөтүлдү.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Өкүлдөр палатасынан шайланган интерпелляциялык топтун мүчөлөрү, 8-февралда карала турган Трамптын “башаламандык уюштурган” деген айыптоо иш кагазын Сенатка жиберишти.
 Иш Сенатка жеткенден кийин, Өкүлдөр палатасынын импичмент тобунун башчысы Жимми Раскин Трамптын айыптоо боюнча корутундусун окуп берди.
Белгилей кетсек, АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо планын 13-январда жактырган.
Эске салсак, Америка Кошмо Штаттарынын экс-президенти Дональд Трамп, өз тарапкерлерин 6-январда Капитолийге кол салууга үндөгөндүгүнө байланыштуу оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталды.
Ал эми Трамп, АКШ Конгрессинин имаратына кол салуу үчүн жоопкерчиликти моюнга алуунун ордуна, сөзүн жана иш-аракеттерин “ылайыктуу” деп атады.
АКШнын Өкүлдөр палатасында Трамптын импичментинин жактырылышы менен, ал Ак үйдө турган учурунда экинчи жолу импичмент жарыяланган биринчи президент болуп саналат.

Комментарий жиберүү