Байдендин биринчи тышкы саясий кадамы

АКШнын жаңы президенти Йемендин “Ансаруллах” партиясын эмбаргодон убактылуу бошотту.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Каржы министрлиги Йемендин Ансаруллах кыймылына карата 26-февралга чейин созулган санкциялардан убактылуу бошотуу жөнүндө чечим чыгарды.
Белгилей кетсек, АКШнын Каржы министрлигинин чечимине ылайык, Йемендин Ансаруллах кыймылы менен туткун алмашуу лицензиясы 26-февралга чейин берилди.
Мурдараак, АКШнын Мамлекеттик департаменти Йемендин Ансаруллах кыймылын террордук уюм катары карай баштагандыгын жарыялаган.
Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, учурда департамент бул процесс боюнча биротоло чечим кабыл алуу үчүн маселени тез арада карап жатат.
Эске салсак, АКШнын Казына министрлиги Трамп администрациясынын акыркы күндөрүндө Йемендин “Ансаруллах” кыймылын террордук топтор деп шектелгендердин катарына эсептеп, санкциялар тизмесине киргизген.

Комментарий жиберүү