Whats App 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту

WhatsApp мессенжери акыркы үч жумада 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The Guardian” басылмасына шилтеме берип жазды.

WhatsApp жоготкон колдонуучулардын арасынан болжол менен 25 миллиону Telegram  дагы 7 миллиондон ашууну  Signal мессенджерине өткөн.

Колдонуучулардын WhatsAppтан массалык түрдө чыгуусуна  купуялык саясаттын өзгөрүшү себепчи болду. Жаңы саясаттын алкагында, бул мессенжер маалыматты өзүнүн башкы компаниясы – Facebookка өткөрүп берет.

Буга чейин Telegramдын  негиздөөчүсү Павел Дуров колдонуучуларынын санынын рекорддук өсүшүн жарыялаган.

Комментарий жиберүү