Ушак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?

Ушак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?

Рамазан айы – бир гана тамак-аш, суусундуктан баш тартуу эмес, а бардык тыюу салынган иш-аракеттерден арылуу. Адамдар тарабынан көп жасала турчу күнөөлөрдүн бири – ушак айтуу (гыйбат). Аллах бул жаман адатты каза болгон бир тууганынын этин жеген иш-аракет менен салыштырган. А эмнеге дал ушундай салыштыруу болду экен? Себеби, ушакталып жаткан адам өзүн-өзү жаман сөздөрдөн коргой албагандыктан, ал өлгөн адамга салыштырылат. Дайыма бирөөнүн артынан сүйлөө адатка айланып кетүүсү мүмкүн. Биз сиздерге бул нерсени алдын алуунун бир…

Прочитайте больше

Дагы 730 миң америкалык жумушсуз калды

Дагы 730 миң америкалык жумушсуз калды

АКШнын Эмгек кеңсесинин жаңы отчетунда бир аптанын ичинде дагы 730 миң америкалык жумушсуздукту колдоо боюнча борборго кайрылгандыгы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Financial Times маалыматына шилтеме берип билдирди.АКШнын Эмгек министрлигинин жаңы отчетунда дагы 730 миң америкалык ушул жумада биринчи жолу жумушсуздукту колдоо өтүнүчү менен кайрылгандыгы көрсөтүлдү.“Доу Джонс” сурамжылоосуна катышкан экономисттер ушул жумада 838 миң адам жумушсуз калат деп божомолдошкон. Берилген маалыматтарга караштуу, АКШнын камсыздандыруусунан пайдаланышкан жумушсуздардын саны өткөн жумага салыштырмалуу азайган.Ал эми АКШнын Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык,…

Прочитайте больше

АКШнын чалгындоо кызматы: «Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы журналист Хашоггини өлтүрүү буйругун жеке өзү берген»

АКШнын чалгындоо кызматы: «Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы журналист Хашоггини өлтүрүү буйругун жеке өзү берген»

АКШнын чалгындоо кызматы жарыялаган баяндамада саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу жана өлтүрүү буйругун Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман өзү бергени айтылат. Бул тууралуу “Fars News” МА жазды. АКШ өкмөтү тарабынан саудиялык оппозициялык журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча жарыяланган баяндамада Хашоггини өлтүрүү  Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын түздөн-түз буйругу менен жасалгандыгы көрсөтүлгөн. “Биздин баамыбыз боюнча, Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу же өлтүрүү боюнча Түркиянын Стамбул шаарында операция жүргүзүүгө уруксат берген….

Прочитайте больше

Сеул санкциялардын кесепети Түндүк Кореяда гуманитардык катастрофаг аалып келерин эскертти

Сеул санкциялардын кесепети Түндүк Кореяда гуманитардык катастрофаг аалып келерин эскертти

Түштүк Кореянын Түндүк Корея менен биригүү боюнча министри Пхеньянга каршы санкциялар кайра каралбаса, өлкөдө олуттуу гуманитардык кризис болушу мүмкүн экенин эскертти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, жума күнү Түштүк Кореянын биримдик министри Ли Ин Ён Түндүк Кореяга каршы жарыяланган эл аралык санкциялардын таасири жөнүндө эскертүү жасады.Ал “Financial Times” гезитине берген маегинде, Түндүк Кореяга каршы жарыяланган санкцияларды кайра карап чыгууну суранып, бул санкциялар өлкөдө олуттуу гуманитардык кризисти жаратышы мүмкүндүгүн билдирди.“Түндүк Кореяга каршы катаал санкциялар беш жылдан бери киргизилип…

Прочитайте больше

Байден Трамптын чет өлкөлүктөрдүн АКШга киришине тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды

Байден Трамптын чет өлкөлүктөрдүн АКШга киришине тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды

АКШнын президенти Жо Байден Дональд Трамптын көптөгөн грин-карта ээлеринин Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган жарлыгын жокко чыгарды. Трамп жарлыкты былтыр чыгарып, коронавирус пандемиясына байланыштуу америкалыктарды жумушсуздуктан сактоо зарылдыгын билдирген. Башында чет өлкөлүктөрдүн айрым категориясы үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечими 2020-жылдын соңунда аягына чыкмак, бирок Трамп аны кийинчерээк март айынын аягына чейин узарткан. Миграция маселелери боюнча юристтердин айтымында, Трамптын жарлыгы көптөгөн иммигарциялык визаларга бөгөт койгон. Иммигранттар үй-бүлө мүчөлөрү менен өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган. Саламаттык сактоо…

Прочитайте больше

Жапаровдун Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапары сүрөттөрдө

Жапаровдун Орусияга болгон биринчи чет элдик иш сапары сүрөттөрдө

Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Мамлекет башчысы катары Орусия Федерациясында биринчи чет элдик иш сапары менен болду. Жапаров иш сапарын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле мамлекет башчысы Москва шаарында мекендештер жана Орусия жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Мындан тышкары, ал Татарстандын Президенти Рустам Минниханов, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин,…

Прочитайте больше

Орусия АКШнын Сирияга кол салуусун айыптады

Орусия АКШнын Сирияга кол салуусун айыптады

Орусиянын Тышкы иштер министрлигине таандык маалымат булагы Москва АКШнын Сирияга каршы жасаган чабуулун айыптап, бул эл аралык укуктун кабыл алынгыс бузулушу деп эсептерин билдирди. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.“Бул кол салуу Бириккен Улуттар Уюмунун көз карандысыз мүчө-мамлекетинин аймагына жасалды. Бул эл аралык укуктун кабыл алынгыс бузулушу. Биз алардын ал жерде кимди бутага алганын териштиришибиз керек”, – деп жазылган Орусиянын ТИМнин маалымат булагынын жарыялаган маалыматында.Ошондой эле, маалыматта Иран Сирияда туруктуу армия менен катар ИШИМге (Орусияда тыюу салынган…

Прочитайте больше

БУУ: 2020-жылы Израиль 47 жайкын палестиналыкты өлтүрдү

БУУ: 2020-жылы Израиль 47 жайкын палестиналыкты өлтүрдү

Сионисттик режимдин коопсуздук күчтөрү 2020-жылы кеминде тынч турмушта жашап жаткан 47 палестиналыкты өлтүргөн. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Иордан дарыясынын Батыш жээги менен Палестинанын оккупацияланган аймактарындагы кырдаалды баяндаган докладында сүйлөдү.Берилген маалыматтарга караштуу, акыркы бир жылдын ичинде Израилдин коопсуздук күчтөрү 67 палестиналыкты өлтүргөн (64 эркек жана үч аял), анын ичинде 47 аскердик эмес жайкын тургун болсо, 16сы балдар эле. Мындан тышкары, берилген отчетто 3 миң 678 палестиналык Израиль аскерлери тарабынан…

Прочитайте больше

Индия менен Пакистан Кашмир чөлкөмүндө ок атууну токтотуу боюнча макулдашышты

Индия менен Пакистан Кашмир чөлкөмүндө ок атууну токтотуу боюнча макулдашышты

Индия жана Пакистан армиялары талаштуу Кашмир аймагында ок атышууну токтотуу боюнча жаңы келишимге кол коюшту. Fars News агенттиги билдиргендей, жыйырма жылдан бери биринчи жолу Индия менен Пакистан талаштуу Кашмир чөлкөмүндө ок атышпоо келишимин түзүштү. Пакистандын маалымат каражаттары 25-февралда Пакистан армиясы Индиянын армиясы менен биргелешкен билдирүү жасап, ок атышууну токтотууга макул болгонун кабарлашты.“Эки тарап бардык келишимдерге жана түшүнүшүүлөргө жана өрт коркунучунан узак болууга карата практикалык милдеттенме боюнча макулдашышты”, – деп айтылат билдирүүдө.Белгилей кетсек, аскер кызматкерлери ошондой эле тынчтыкты…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров: Менин максатым–элибиздин көйгөйлөрүн чечүү

Президент Садыр Жапаров: Менин максатым–элибиздин көйгөйлөрүн чечүү

«Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  24-февралда, Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Садыр Жапаров эки өлкөнү тарыхый жана маданий жалпылыктар, ошондой эле илгертен бери келе жаткан достук мамилелер байланыштырып тургандыктан, Россия Федерациясына Мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен келип жатканын белгиледи. Анын айтымында,…

Прочитайте больше

Ирандын Батышында террорчулук ооздукталды

Ирандын Батышында террорчулук ооздукталды

Ирандын Чалгындоо министрлиги Пираншехр шаарында террорчулук ооздукталып, эки террорчу жок кылынганын маалымдады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “ISNA” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Өлкөнүн Чалгындоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү Батыш Азербайжан чалгындоо агенттиги жана Хамза сейед аль-Шухада базасы менен кызматташтыкта Курдистан аймагындагы террордук уюмдар менен байланышы бар Пираншехрда террордук чабуулдарды жасоону көздөгөн куралчан эки террорчу куралдуу кагылышууда жок кылынганын маалымдады. Жок кылынган террорчулардан “Калашников” үлгүсүндөгү эки автомат, граната жана ок-дарылар алынды. Белгилей кетсек, кечээ, 24-февраль эртең менен Тегерандын…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту (видео)

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту (видео)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  24-февралда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.  Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарап тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.  Россиянын Президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду көргөнүнө кубанычта экендигин айтып, коронавирус инфекциясы пандемиясы менен байланышкан оорчулуктарга жана чектөөлөргө карабастан, өзү менен жеке жолугушуп, баарлашканына канааттанганын билдирди. Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президенти кызматына киришүүсү менен дагы…

Прочитайте больше

Орусиянын долларга жана еврого көз карандылыгы азайды

Орусиянын долларга жана еврого көз карандылыгы азайды

Орусия валюта түзүмүн өзгөртүү менен Улуттук жыргалчылык фондунун долларга жана еврого көз карандылыгын азайтты. Бул тууралуу Орусиянын Каржы министрлиги билдиргенин «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.Минстрлик жарыялаган маалыматта “Улуттук жыргалчылык фондунун валюта түзүмүнүн жобосуна 5 пайыз үлүш менен япон йени жана 15 пайыз үлүш менен кытай юаны киргизилди”, – деп билдирди.Орусиянын Улуттук жыргалчылык фондунун түзүмүндөгү доллар жана евро активдеринин үлүшү 45 пайыздан 35 пайызга чейин, фунт стерлинг мурдагы он пайызда туруктуу бойдон калган.Өлкөнүн Улуттук жыргалчылык фондунун ликвиддүүлүк портфели февраль…

Прочитайте больше

Бишкекте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өттү

Бишкекте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өттү

Кыргызстандын “Мутакалим” Аялдардын Прогрессивдүү Коомдук коому ЮНФПАнын колдоосу менен 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өткөрдү. Eurasia Today сайтынын кабарчылар тобу билдиргендей, Бишкекте “Park Hotel” мейманканасында 24-февралда ПООЖ “Мутакаллим” менен ЮНФПАнын демилгеси менен “2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өткөрүлдү.Белгилей кетсек, жыйырма жылдан бери “Мутакалим” Аялдардын Прогрессивдүү Коомдук коому светтик мамлекеттин өнүгүшүн колдоп, динге ишенген аялдардын жарандык катышуу идеясын жайылтуу менен бирге, Кыргызстандагы аялдардын укугун коргоо…

Прочитайте больше

Президенттин Москвага иш сапарында газдын баасын төмөндөтүү маселеси көтөрүлөт

Президенттин Москвага иш сапарында газдын баасын төмөндөтүү маселеси көтөрүлөт

Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаровдун Орусиянын баш калаасы Москвага эки күндүк расмий иш сапары башталат. Иш сапардын алгачкы күнү Жапаров орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Расмий Бишкек да, Москва да жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий алакадан тартып, соода-экономика, маданий жааттагы карым-катнаш, ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык биригүү сыяктуу маселелерге чейин сөз болорун жарыялады. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “Азаттыкка” Орусиядан Кыргызстанга сатылып жаткан газдын баасын арзандатуу маселеси жана гранттык каражаттар караларын айтты: “Буга чейин Орусия 20…

Прочитайте больше
1 2 3 8