БУУ: 2020-жылы Израиль 47 жайкын палестиналыкты өлтүрдү

Сионисттик режимдин коопсуздук күчтөрү 2020-жылы кеминде тынч турмушта жашап жаткан 47 палестиналыкты өлтүргөн.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Иордан дарыясынын Батыш жээги менен Палестинанын оккупацияланган аймактарындагы кырдаалды баяндаган докладында сүйлөдү.
Берилген маалыматтарга караштуу, акыркы бир жылдын ичинде Израилдин коопсуздук күчтөрү 67 палестиналыкты өлтүргөн (64 эркек жана үч аял), анын ичинде 47 аскердик эмес жайкын тургун болсо, 16сы балдар эле.
 Мындан тышкары, берилген отчетто 3 миң 678 палестиналык Израиль аскерлери тарабынан жаракат алган.
Ошондой эле “палестиналыктар тарабынан бир израилдик аскер өлтүрүлүп, 90у жаракат алды” деп БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 46-сессиясында сунушталган документте айтылат.
 Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюму Израилдин аскердик күчүн ашыкча колдонуусуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. “Мындай учурда, сөзсүз мыйзамсыз жазалар аткарылуусуна алып келиши мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Комментарий жиберүү