Бишкекте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өттү

Кыргызстандын “Мутакалим” Аялдардын Прогрессивдүү Коомдук коому ЮНФПАнын колдоосу менен 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өткөрдү.

Eurasia Today сайтынын кабарчылар тобу билдиргендей, Бишкекте “Park Hotel” мейманканасында 24-февралда ПООЖ “Мутакаллим” менен ЮНФПАнын демилгеси менен “2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, жыйырма жылдан бери “Мутакалим” Аялдардын Прогрессивдүү Коомдук коому светтик мамлекеттин өнүгүшүн колдоп, динге ишенген аялдардын жарандык катышуу идеясын жайылтуу менен бирге, Кыргызстандагы аялдардын укугун коргоо жана илгерилетүү боюнча талыкпай иштеп келе жатат.
Ушул программанын алкагында Мутакалим коому ЮНФПАнын колдоосу менен 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында Бишкекте тегерек стол өткөргөн.
Тегерек столго Дин Иштери боюнча Мамлекеттик Комиссиясынын жана Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын башкы эксперттери катышып, Концепциянын долбоорунда гендердик саясатты иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баяндап, ал боюнча иш-аракеттердин аткарылуусун талкуулашты.
Ошондой эле укуктук жана гендердик чөйрөдөгү мыкты квалификациялуу эксперт-спикерлер угармандарга гендердик саясаттын мыйзам чыгаруу базасы жана аны өлкөдө жайылтуу баскычтары, аялдардын коомдук катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө кеңири айтып беришти.
Аталган тегерек столго катышууга чакырылган диний жана коомдук активисттери, мусулман жана башка диний конфессиялардын лидерлери бүгүнкү күндө диний жаатты эске алганда, айрыкча аялдардын көпчүлүгү гендердик түшүнүктүн өтө аярлуу маселелери боюнча мындай иш-чарага зар экенин баса белгилешти.
 Андыктан, аялдарды жана алардын укуктарын колдоо үчүн чечимдерди чыгаруу жана издөө канчалык маанилүү экендиги анык.  Тегерек столдун алкагында маселеге байланыштуу суроо-жооптор берилди.
Катышуучулар, атайын эксперттерге кайрылып, аялдардын коомдук катышуулары, диний жана билимдери тууралуу маалыматтарды камсыздоо, атайын психологдор менен иштешүү маселелерин көтөрүштү.
Ошондой эле бир эле Бишкекте эмес, башка облус, райондордо мусулман аялдар менен байланыш түзүү, билим берүү, агартуучу жаатта иштешүү, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө көмөктөшүү сунуштары айтылды.
Эске салсак, бул тегерек столдо айрыкча мусулман аялдардын коомдук иш-аракеттерге тартынбай катышуулары жана ар кандай террорук жана экстремисттик топторго кирип кетүүнүн алдын алуу боюнча атайын конструктивдүү жана жамаатуу иштешүүбоюнча ой-пикрлер, атайын программалар ортого салынды.
 Тегерек столдун аягында меймандар жалпы сүрөткө түшүп, мейманкананын кечки тамагына коноктолушту.

Комментарий жиберүү