АКШнын чалгындоо кызматы: «Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы журналист Хашоггини өлтүрүү буйругун жеке өзү берген»

АКШнын чалгындоо кызматы жарыялаган баяндамада саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу жана өлтүрүү буйругун Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман өзү бергени айтылат.

Бул тууралуу “Fars News” МА жазды. АКШ өкмөтү тарабынан саудиялык оппозициялык журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча жарыяланган баяндамада Хашоггини өлтүрүү  Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салмандын түздөн-түз буйругу менен жасалгандыгы көрсөтүлгөн. “Биздин баамыбыз боюнча, Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман саудиялык журналист Жамал Хашоггини камакка алуу же өлтүрүү боюнча Түркиянын Стамбул шаарында операция жүргүзүүгө уруксат берген.

Биздин баамыбыз Мухаммед бен Салмандын 2017-жылдан бери Сауд Аравияда чечим кабыл алууну толугу менен көзөмөлдөп тургандыгына негизделген”, – деп айтылат АКШнын чалгындоо кызматы жарыялаган баяндамада. Чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, мураскор ханзаада журналистти падышалыкка түздөн-түз коркунуч катары баалап, анын оозун жабуу үчүн күч колдонуу чараларды колдогон. Баяндаманын бир бөлүгүндө Хашоггинин өлүмүнө катыштыгы бар адамдардын аты аталат.

“Төмөндөгү адамдар Бен Салмандын атынан Хашоггини өлтүрүүгө бурйрук бергенине же башка жолдор менен аны өлтүрүүгө катыштыгы бар же күнөөлүү экенине терең ишенебиз: Сауд Аль-Кахтани,  Махер Мутреб, Наиф Аль Арефи, Мухаммад Аль-Захрани, Мансур Абахсин, Абдулазиз Аль-Хусави,  Валид Абдулла аш-Шахри, Халед Аль-Отайба, Фахд Шабиб аль-Балави, Машаль Саад аль-Бустани, Турки аль-Шахири, Мустафа Аль-Мадани, Ахмед Зайед Асири, Абдулла Мухаммад Аль-Харини, Ясир Халед аль-Салем, Абрахим аль-Салим,  Салех аль-Табии, Мухаммад аль-Отайби.

АКШ бийлиги бул баяндамадан кийин Сауд Аравиянын 76 аткаминери каршы визалык чектөөлөрдү киргизгенин жарыялады. Мамлекеттик катчы өз билдирүүсүндө, өлкөдөн тышкары жакта жүргөндөрдү коркуткан деп шектелген 76 Сауд Аравиясынын жаранына визалык чектөө киргизилгенин билдирди.

Эске салсак, саудиялык журналист Жамал Хашогги сауд бийлигинин саясатын, айрыкча мураскер ханзаада Мухаммед бен Салманды ачык сындаган макалаларды жазган. Ал  2018-жылдын 2-октябрында Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Түркиянын аткаминерлери журналист консулдуктун имаратында өлтүрүлүп, денеси жиликтенгенин билдиришкен. Түрк маалымат каражаттары журналисттин жоголушуна тиешеси бар деп шектелген Сауд Аравиянын 15 жаранынын ысымын жана сүрөттөрүн жарыялаган. Сауд Аравиянын 15 жараны Хашогги консулдукка киргенге чейин бир саат мурда ал имаратка кирип, Хашогги киргенден үч саат өткөндөн кийин кайра ал имараттан чыгып кетишкен.

Эр-Рияд алгач  журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткенин билдирген. Бирок кайрадан 20-октябрда  журналисттин өлүмүн моюнга алып, ал консулдуктун имаратында мушташтан улам каза болгонун ырастаган. Бирок, Сауд Аравия Мухаммед бен Салмандын киши өлтүрүү аракетине тиешеси бар экендигин четке каккан.

Комментарий жиберүү