Орусия АКШнын Сирияга кол салуусун айыптады

Орусиянын Тышкы иштер министрлигине таандык маалымат булагы Москва АКШнын Сирияга каршы жасаган чабуулун айыптап, бул эл аралык укуктун кабыл алынгыс бузулушу деп эсептерин билдирди.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
“Бул кол салуу Бириккен Улуттар Уюмунун көз карандысыз мүчө-мамлекетинин аймагына жасалды. Бул эл аралык укуктун кабыл алынгыс бузулушу. Биз алардын ал жерде кимди бутага алганын териштиришибиз керек”, – деп жазылган Орусиянын ТИМнин маалымат булагынын жарыялаган маалыматында.
Ошондой эле, маалыматта Иран Сирияда туруктуу армия менен катар ИШИМге (Орусияда тыюу салынган террордук топ) таандык согушкерлерге каршы күрөшүп жатканы баса белгиленген.
Буга чейин, АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин АКШ Ирак тараптан келип түшкөн маалыматтардын негизинде Сирияга кол салды деп билдирген. Пентагон аба соккулары менен Иран колдогон шиит топторунун бир катар инфраструктуралык объекттери талкаланганын жана бул сокку АКШнын Ирактагы куралдуу жана коалициялык күчтөрүнө каршы коюлган акыркы чабуулдарга жооп катары жасалганын кабарлаган.
Пентагондун басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, Сирияга кол салууга АКШнын президенти Жо Байден буйрук берген.

Комментарий жиберүү