Японияда жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду

Японияда жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду

Японияда жалгыз адамдардын суицидке баруусунун алдын алуу үчүн жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду. Бул тууралуу “Кyodo” агенттиги региондордун турмуштук аракеттерин калыбына келтирүү министри Тэцуси Сакамотого шилтем берип кабарлады. “Ir.Sputnik” агенттигининин маалыматына ылайык, 12-февралда өлкөнүн премьер-министр Ёсихидэ Суга Сакамото менен жолугушуп, ага өзүнүн кызматын жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызмат орду менен айкалыштырууну тапшырган. Сакамотонун айтымында, премьер-министр мындай чечимди суициддердин көбөйүшүнөн жана коронавируска байланыштуу  башка көйгөйлөрдөн улам кабыл алган. 2020-жылы Японияда акыркы 11 жылда биринчи жолу суицидке баргандардын саны өскөн. Бул…

Прочитайте больше

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШга байланыштуу сириялык күрттөрдүн куралдуу топтору Вашингтон жетектеген коалиция Сириянын Аль-Омар мунай майданына аэропорт куруп жаткандыгын билдиришти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын маалымат булактары АКШ жетектеген коалиция Сириянын мунайга бай аймактарында жаңы аэропорт куруп жаткандыгын маалымдашты. Бул кабарды маалымат булактары АКШ колдогон күрттөрдүн күчтөрүнө тиешелүү “Хажин” аскердик кеңешине шилтеме берип билдиришти.Аль-Омар мунай майданы Сириянын ири мунай майдандарынын бири болуп саналат жана Дейр-эз-Зор провинциясынын “Аль-Жазира” чөлүндө жайгашкан.Сириянын мунай кендеринин көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында, Дейр-эз-Зор жана Аль-Хасака провинцияларында…

Прочитайте больше

2020-жылы согуштан улам 380 миң ооган жер которгон

2020-жылы согуштан улам 380 миң ооган жер которгон

2020-жылы Ооганстанда АКШ баштаган согуштун кесепетинен 380 миң адам жер которууга аргасыз болгон. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча бюросу (OCHA) качкындардын көпчүлүгү балдар жана коопсуздугу жок Кундуз, Кандагар, Нангархар, Кунар жана Гильменд провинцияларынын тургундары экенин билдирди.АКШ 2001-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан согуш Ооганстандын бардык 34 провинцияларында өкмөттүк күчтөр менен Талибан жана террордук топтордун ортосунда уланып келе жатат жана америкалык аткаминерлер ушул согуштун сазына батышты. Учурда АКШ өзүн саздан куткарыш үчүн өлкө элин…

Прочитайте больше

БУУ: Йеменде 400 миңдей бала жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда турат

БУУ: Йеменде 400 миңдей бала жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда турат

Бириккен Улуттар Уюму кечээ, жума күнү беш жашка чейинки 400 миңге жакын йемендик балдар жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда тургандыгын эскертти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, БУУ кеминде 2,3 миллион бала жетишсиз тамактануу боюнча олуттуу тобокелдикке туш болгонун баса белгиледи.Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк Азык түлүк программасынын өкүлү Дэвид Бисли:“Бул статистика йемендиктерге керек болгон жардамдын бир бөлүгү. Жетишсиз тамактанган ар бир бала – бир үй-бүлө жашоо үчүн күрөшүп жаткандыгын билдирет”, – деди.Начар тамактануудан улам өлүм коркунучунда турган йемендик…

Прочитайте больше

ДССУ: коронавирус антителолорго карабастан жугушу мүмкүн

ДССУ: коронавирус антителолорго карабастан жугушу мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамда антителолор болгонуна карабастан коронавирусту кайрадан жуктуруп алуу мүмкүн экенин билдирди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, ДССУнун окумуштуусу Сумия Сваминатан жума күнү брифингдерде: “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вируска антителолор болгонуна карабастан, COVID-19дун жаңы түрлөрү менен кайрадан ооруп калуу мүмкүн экени боюнча маалыматка ээ”, – деди.“Учурда бизге вирустун жаңы түрү кайрадан жуккандыгы жөнүндө билдирүүлөр келип түшүүдө жана Түштүк Африка Республикасынан келген маалыматтарга караганда, буга чейин коронавирустан айыккан адамдар кайрадан жуктуруп алышы мүмкүн”, – деп баса…

Прочитайте больше

Иран Ислам Республикасы Ынкылабдан кийин кандай ийгиликтерге жетти?

Иран Ислам Республикасы Ынкылабдан кийин кандай ийгиликтерге жетти?

Бул макаланын авторлору эл аралык маалыматтарга таянып, Ислам ынкылабынын 40 жылдагы жетишкендиктерин карап чыгышып, Ирандагы Ислам ынкылабына чейинки жана андан кийинки абалды төмөндөгүдөй тармактарда салыштырып көрүшкөн: Саясий көз карандысыздык Иранда Премьер-министрдин жана шахтын дайындалышы менен Шах Реза Хан Батыштын түздөн-түз көзөмөлүндө болгон. 1976-жылы Иранда 24000 америкалык аскер кеңешчиси бар эле.Ынкылабдан кийин: “Чыгыш дагы, Батыш дагы эмес” деген стратегиялык ураан менен тышкы дүйнөгө саясий жана аскердик көз карандылыкты жойду. Жетекчилер жалпы элдик добуш берүү менен шайланып калышты. Аскердик…

Прочитайте больше