БУУ: Йеменде 400 миңдей бала жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда турат

Бириккен Улуттар Уюму кечээ, жума күнү беш жашка чейинки 400 миңге жакын йемендик балдар жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда тургандыгын эскертти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, БУУ кеминде 2,3 миллион бала жетишсиз тамактануу боюнча олуттуу тобокелдикке туш болгонун баса белгиледи.
Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк Азык түлүк программасынын өкүлү Дэвид Бисли:“Бул статистика йемендиктерге керек болгон жардамдын бир бөлүгү. Жетишсиз тамактанган ар бир бала – бир үй-бүлө жашоо үчүн күрөшүп жаткандыгын билдирет”, – деди.
Начар тамактануудан улам өлүм коркунучунда турган йемендик балдардын санынын 400 миңге чейин көбөйүшү 2020-жылы 22 пайызга өскөндүгүн билдирет.
БУУнун Балдар фондунун жетекчиси Хенриетта Фор бул тууралуу билдирүүсүндө: “Чара көрүлбөй жаткандыктан күн сайын көп балдар каза болуп жатышат. Гуманитардык уюмдар адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн тез арада алдын-ала болжолдонгон ресурстарга муктаж”, – деди.
ЮНИСЕФ жарыялаган маалыматка ылайык, Йеменде жашаган 12 миллион баланын бардыгы кандайдыр бир жардамга муктаж. Аларга тамак-аш, саламаттыкты сактоо, таза суу, билим берүү жана алардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам керек.
Бириккен Улуттар Уюму ошондой эле 2021-жылы 1,2 миллионго жакын кош бойлуу же бала эмизген аялдар жетишсиз тамактануудан жабыркай турганын эскертти.
БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы “Ачарчылыкты чечүү жолу бар, ал тамак-аш менен камсыз кылуу жана чыр-чатакты токтотуу”, – деп баса белгиледи.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, согуштан улам үч миллиондон ашуун йемендиктер жер которууга аргасыз болушкан жана Йемендин 29 миллион калкынын дээрлик 80 пайызы тирүү калуу үчүн кандайдыр бир жардамга муктаж.

Комментарий жиберүү