АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШга байланыштуу сириялык күрттөрдүн куралдуу топтору Вашингтон жетектеген коалиция Сириянын Аль-Омар мунай майданына аэропорт куруп жаткандыгын билдиришти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын маалымат булактары АКШ жетектеген коалиция Сириянын мунайга бай аймактарында жаңы аэропорт куруп жаткандыгын маалымдашты. Бул кабарды маалымат булактары АКШ колдогон күрттөрдүн күчтөрүнө тиешелүү “Хажин” аскердик кеңешине шилтеме берип билдиришти.
Аль-Омар мунай майданы Сириянын ири мунай майдандарынын бири болуп саналат жана Дейр-эз-Зор провинциясынын “Аль-Жазира” чөлүндө жайгашкан.
Сириянын мунай кендеринин көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында, Дейр-эз-Зор жана Аль-Хасака провинцияларында жайгашкан. Акыркы жылдарды АКШ бул аймактарды күрт сепаратисттик куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен басып алган.
АКШнын мурдагы аткаминерлери Американын аскер күчтөрүнүн Сирияда болушун өлкөнүн мунай кендери менен байланыштырышкан жана күчтөрдүн чыгарылышы Сирия өкмөтүнүн бул аймактарды көзөмөлгө алышына түрткү болорун бир нече жолу баса белгилешкен.

Комментарий жиберүү