Японияда жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду

Японияда жалгыз адамдардын суицидке баруусунун алдын алуу үчүн жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду.

Бул тууралуу “Кyodo” агенттиги региондордун турмуштук аракеттерин калыбына келтирүү министри Тэцуси Сакамотого шилтем берип кабарлады. “Ir.Sputnik” агенттигининин маалыматына ылайык, 12-февралда өлкөнүн премьер-министр Ёсихидэ Суга Сакамото менен жолугушуп, ага өзүнүн кызматын жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызмат орду менен айкалыштырууну тапшырган.

Сакамотонун айтымында, премьер-министр мындай чечимди суициддердин көбөйүшүнөн жана коронавируска байланыштуу  башка көйгөйлөрдөн улам кабыл алган. 2020-жылы Японияда акыркы 11 жылда биринчи жолу суицидке баргандардын саны өскөн. Бул өсүш 3,7% түзүп, 20,9 миң адам өз жанын кыйган.

Комментарий жиберүү